Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгыз там»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Толук кез жайдын ысыгы, аптап,
Күүгүм кирди айылды караңгы каптап.
Ышкырык-күлкү, шаңдуу ыр менен,
Боз балдар жүрөт көчөнү таптап.
Кайырма:
Айыл этегинде жалгыз там турат,
Шаардык кыз келген, көңүлдү бурат.
Кантип чакырып, таанышсам экен,
Канткенде билип, сезимим туят?
Демейде комсоо көрүнсө ал там,
Айлыбызга берет бөтөнчө бир шаң.
Жылдыздар батып, торгой үн салат,
Чыкпайт шаардык кыз, атат жаңы таң.
Кайырма:
Бирибизден тымызын кызгана беребиз,
А бирок эч кимибиз тааныша элекпиз.
Ышкырык салып өйдө-ылдый улам,
Канткенде чакырып, гүлүмдү сунам?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ким элек, ким болдук?,- деп Суроонун жообун издеп. Аскадай абийир болсо, Алдыкпы аны түздөп. Аскар-зоо намыс урап, Ала-Тоом ыйлап турат. Ушул күнгө жеткиргендер Береби элге сурак? Арман ай, кыргыз элим Айласын таппай турат. Үй бүлөө багабыз деп, Үшкүрүп бакыт издеп, Жүрүшөт башка өлкөдө Бир эмес миңдеп, жүздөп. Алыскы сапардагы Бир тууган, боорум кыргыз. Таң берем кайратыңа Ийилгис, такыр сынгыс. Күн берет кыйналганын Ай күнүң күлүп Чынгыз. Эр Манас тукумдары Ээрчишип закымданып. Күн санап кеткендердин Аягы басылбады. Чоңдорун кооз сүйлөп Чокчоңдоп бакылдады. Күнүгө жүз айтышат Жакшы күн жакын калды. Эл ишенбей калганына Жетпейби акылдары? Абийирди жоготтукпу, Табабыз кайдан алып Аксымдар сүйлошөт го Асмандан айды алып, Тим койсок, жерди бүтүн Жутушат чайнап алып. Түшүнчү бир тууганым Булар кетишет пайдаланып. Арбактар кечиргиле Биз кеттик майдаланып. Жакшы күн сөссүз келет Жабыркап чөмүлбөгүн. Көрбөйүн, укпайынчы Кабыргаң сөгүлгөнүң. Башка элге уят болуп Бечара көрүнбөгүн. Бир тууган боорум кыргыз Бириндеп бөлүнбөгүн Жараткан кечирбейт го, Эми кан төгүлгөнүн. Кыргызым качан, кайдан Акчага сатылчу эле? Түндүсүң, сен түштүк деп Бир-бирин басынтчу эле?.. Жакшысын даңазалап Жаманын жашырчу эле.. Жабыркап калса бири Жардамга шашылчу эле.. Ушундай ынтымакта Жашасак болбойт беле.. Депутаттык керек эмес Бир бүтүнмекн керек. Ажолук керек эмес Урпагың эсен керек. Журтташым ойлонолу Биз эмне курал белек. Болбогон акча үчүн Ар кимге болдук желек. Кудайдан корколучу Болбойлуу мерез сенек. Энелер ынтымактын Эшиги болуп келген. Терметип ырыскынын Бешиги болуп келген. Кээ бир аялдар ажаандыгы Тирүүлөй бизди сойду. Сен чүйлүк, оштуксуң деп Ынтымак такыр жойду. Аттиң ай, араңардан Бир Каныкей чыкпай койду. Сөз өтөөр, салабаттуу Курманжан чыкпай койду. Элеси канча өтсө да, Эсимден кетпей турат. Насаатын элге айтканга Бир Чыңгыз жетпей турат. Ким болдук, биз ким элек? Улуу журт урпагы элек.. Бириндеп жоголбойлу Бизге азыр Манас керек. Шору көп кыргызым ай, Ушундай болот белек.. Уул-кызды ойготуучу Ынтымак бизге керек. Аталар сактап келген Мекенди ойлон кыргыз! Аздектеп бапестеген Энени ойлон кыргыз! Тирүүлүк бейишиндей Жериңди сакта, кыргыз! Бирөөнүн бийлиги үчүн Элиңди атпа, кыргыз! Коңшулар сынап турат Бүт дүйнө турат карап. Бир-бириң сатпа кыргыз Жаманын жогот бекит Жакшыны макта кыргыз! Кыргыз…мммм.мммм Бүт дүйнө карап турат Коңшулар сынап турат. Бир-бириң сатпа кыргыз Жериңди сатпа кыргыз!
  • Жаздын күнү чиркин жапжаш балдай Жазгы жамгыр себелейт эч басылбай Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай Мен ал кызга таанышууга умтулдум Тике карап, таң калгандай бурулдум Назик колун мага сунуп жылмая Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз Жибек сымал жамгыр болгон саамайың Саамайыңдан назик гана сылайын Мен өзүңө айткым келди шыбырап Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра Эстен кетпейт таанышканың жылмая
  • Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң, Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң. Күн нурун кирпигиңе тагынып алып, Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң. Кайырма: Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө, Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй. Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей, Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде. Көздөрүң көздөрүмө учураганда, Бактылуу жоктой башка ушул ааламда. Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан, Кыш дагы алы келбей кычыраганга. Кайырма: Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде, Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне. Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден, Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!
  • Бир болчу келген кечээбиз, Билгизбей жанды нетебиз. Керемет ушул өмүрдө, Кездешпей кантип кетебиз. Кайырма Бир тааныш бойдон экөөбүз, Билишпей кантип өтөбүз. Көз тааныш бойдон экөөбүз, Көрүшпөй кантип өтөбүз. Сен келген кече шаң болуп, Сезимге аткан таң болуп. Жүрөкө бердиң жылуулук, Жүз жылда келчү жан болуп. Өзүңдөн сурайм жарыгым, Өчүрбө жүрөк жалынын. Күйсө бир күйсүн өрттөнүп, Күтүүгө жетпейт сабырым.
  • Кызылдан көйнөк секелек сенсиң, Кыраңда өскөн байчечек сезим. Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон, Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан баяным сенсиң, Ал түндө берген аяным сенсиң, Айлап бир айткан жомогум сенсиң, Араңдан жазган обонум сенсиң. Саамайдан сылаар салкын бир желсиң, Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң, Жылдызың чачып жылмайып койчу, Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан жомогум сенсиң, Ал түндө берген обонум сенсиң, Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң, Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң. Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң, Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң. Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң, Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсиң, Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң. Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң, Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.