Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөк кыйкырыгы»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ким элек, ким болдук?,- деп
Суроонун жообун издеп.
Аскадай абийир болсо,
Алдыкпы аны түздөп.
Аскар-зоо намыс урап,
Ала-Тоом ыйлап турат.
Ушул күнгө жеткиргендер
Береби элге сурак?
Арман ай, кыргыз элим
Айласын таппай турат.
Үй бүлөө багабыз деп,
Үшкүрүп бакыт издеп,
Жүрүшөт башка өлкөдө
Бир эмес миңдеп, жүздөп.
Алыскы сапардагы
Бир тууган, боорум кыргыз.
Таң берем кайратыңа
Ийилгис, такыр сынгыс.
Күн берет кыйналганын
Ай күнүң күлүп Чынгыз.
Эр Манас тукумдары
Ээрчишип закымданып.
Күн санап кеткендердин
Аягы басылбады.
Чоңдорун кооз сүйлөп
Чокчоңдоп бакылдады.
Күнүгө жүз айтышат
Жакшы күн жакын калды.
Эл ишенбей калганына
Жетпейби акылдары?
Абийирди жоготтукпу,
Табабыз кайдан алып
Аксымдар сүйлошөт го
Асмандан айды алып,
Тим койсок, жерди бүтүн
Жутушат чайнап алып.
Түшүнчү бир тууганым
Булар кетишет пайдаланып.
Арбактар кечиргиле
Биз кеттик майдаланып.
Жакшы күн сөссүз келет
Жабыркап чөмүлбөгүн.
Көрбөйүн, укпайынчы
Кабыргаң сөгүлгөнүң.
Башка элге уят болуп
Бечара көрүнбөгүн.
Бир тууган боорум кыргыз
Бириндеп бөлүнбөгүн
Жараткан кечирбейт го,
Эми кан төгүлгөнүн.
Кыргызым качан, кайдан
Акчага сатылчу эле?
Түндүсүң, сен түштүк деп
Бир-бирин басынтчу эле?..
Жакшысын даңазалап
Жаманын жашырчу эле..
Жабыркап калса бири
Жардамга шашылчу эле..
Ушундай ынтымакта
Жашасак болбойт беле..
Депутаттык керек эмес
Бир бүтүнмекн керек.
Ажолук керек эмес
Урпагың эсен керек.
Журтташым ойлонолу
Биз эмне курал белек.
Болбогон акча үчүн
Ар кимге болдук желек.
Кудайдан корколучу
Болбойлуу мерез сенек.
Энелер ынтымактын
Эшиги болуп келген.
Терметип ырыскынын
Бешиги болуп келген.
Кээ бир аялдар ажаандыгы
Тирүүлөй бизди сойду.
Сен чүйлүк, оштуксуң деп
Ынтымак такыр жойду.
Аттиң ай, араңардан
Бир Каныкей чыкпай койду.
Сөз өтөөр, салабаттуу
Курманжан чыкпай койду.
Элеси канча өтсө да,
Эсимден кетпей турат.
Насаатын элге айтканга
Бир Чыңгыз жетпей турат.
Ким болдук, биз ким элек?
Улуу журт урпагы элек..
Бириндеп жоголбойлу
Бизге азыр Манас керек.
Шору көп кыргызым ай,
Ушундай болот белек..
Уул-кызды ойготуучу
Ынтымак бизге керек.
Аталар сактап келген
Мекенди ойлон кыргыз!
Аздектеп бапестеген
Энени ойлон кыргыз!
Тирүүлүк бейишиндей
Жериңди сакта, кыргыз!
Бирөөнүн бийлиги үчүн
Элиңди атпа, кыргыз!
Коңшулар сынап турат
Бүт дүйнө турат карап.
Бир-бириң сатпа кыргыз
Жаманын жогот бекит
Жакшыны макта кыргыз!
Кыргыз…мммм.мммм
Бүт дүйнө карап турат
Коңшулар сынап турат.
Бир-бириң сатпа кыргыз
Жериңди сатпа кыргыз!

Другие песни исполнителя:

  • Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң, Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң. Күн нурун кирпигиңе тагынып алып, Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң. Кайырма: Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө, Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй. Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей, Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде. Көздөрүң көздөрүмө учураганда, Бактылуу жоктой башка ушул ааламда. Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан, Кыш дагы алы келбей кычыраганга. Кайырма: Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде, Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне. Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден, Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!
  • Кой көздөрүң жалжылдап, Карагаттай күкүк ай. Аясаңчы жүрөгүм, Жаралантпай, күкүк ай. Аруу түндө нур чачкан Ай болоюн, күкүк ай. Көңүл кушун көтөргөн, Жай болоюн күкүк ай. Кайырма: Күкүк ай, күкүк ай, Жүдөп бүттүм күтүп ай. Бакан менен ийиндеп, Суу аласың күкүк ай. Жандап бассам жер тиктеп, Уяласың күкүк ай. Деги сенин купулуңа, Толомунбу, күкүк ай? Суу жетпеген какыр сайдай, Соломунбу, күкүк ай? Кайырма: Уялбастан жаныма, Жакын келчи күкүк ай. Өзүң менен бир болоюн, Макул дечи күкүк ай. Терезеңдин түбүндө Күтүп турам, күкүк ай. Махабаттын ызгаарына, Үшүп турам, күкүк ай.
  • Коңур күздө түшөт сары жалбырак, Келчү жолуң күтөм карап жалдырап. Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип, Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел. Сени күтүү — зор бакыттын дал өзү, Сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү. Ал ансайын сендик сезим артылып, Сага болгон махабатым күчөдү. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел. Батыраак кел күзгү жаанга карабай, Басалы бул эски бакты аралай. Сапырылган жалбырактар шуудурап, Кыялымды алып учат сабалай. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
  • Жамгыр майда-майда болуп, себелеп жатты Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты. Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп Кыялыма түркүн-түркүн ой келди таттуу. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Деген сөздү айталбастан, уурдана карайм Көзүм менен саамайыңды суктана карайм. Таанышалы ысымың ким, карындашым деп Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Жүрөгүңдү ээлеген бекзаадаң барбы? Жүдөп кеттим, сүйлөй албай сөз чыкпай калды. Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз.
  • Булактай көздөрүң башкача экен, Бул кечте сага эч ким жакпаса экен. Мен сага сүйөм деп айткычакты, Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен. Ботодой көздөрүң бал-бал жанат, Канбаймын карегиң талбай карап. Мага эми эч качан тынчтык бербес, Махабат жүрөккө салган жараат. Мага сен сурандың келиңиз деп, Махабат ыр ырдап бериңиз деп. Ырымды баштадым сүйүнүчтөн, Өзүм да жүргөнсүп сени издеп. Термелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Ирмелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Буралып, ийилет кымча белиң, Кыйналып, күйүгөт мынча демим. Ырымдын аягын бүтүрбөстөн, Жанымда узакка турса дедим. Тартуулап көөнүңө таттуу кумар, Койкоёт моюнуң ак куу сымал. Татына көркүңө көз тийбеске, Тагылсам дедим мен сага тумар.