Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак көйнөк»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Коңур күздө түшөт сары жалбырак,
Келчү жолуң күтөм карап жалдырап.
Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип,
Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел.
Сени күтүү зор бакыттын дал өзү,
Сени күтүү ак сүйүүнүн өзөгү.
Ал ансайын сендик сезим артылып,
Сага болгон махабатым күчөдү.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Батыраак кел күзгү жаанга карабай,
Басалы бул эски бакты аралай.
Сапырылган жалбырактар шуудурап,
Кыялымды алып учат сабалай.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.

Другие песни исполнителя:

  • Сагынып сага жазган каттарымды, Билбедим же жактырбай жатканыңды. Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп, Саргайган жалбырактай катканыңбы? Бир кезде мага жазган каттарыңды, Көргөзбөй жан адамга катпадымбы. Сезимден жүрөгүмө уя салып, Үлбүрөп балапандай бакпадымбы. Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы? Өзүңдү күттүм неге? Өкүнүп бүттүм дебе. Жарашып алсынчы деп, Жаштык кез күтмөк беле? Күн өттүбү, арадан ай өттүбү, Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү? Жообуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм, Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү? Канча ирет карааныңа жагалдандым, Апкаарып айтар сөздү таба албадым. Сагынсам да саргайып, жаным, бирок, Батынып мен жаныңа бара албадым. Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт.
  • Билинбестен мезгилдердин сынагы, Билбейм качан, кайсы жолдон сурады. Жетип келип, колдон алды байкатпай, Алыкулдун ак боз атчан курагы. Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш, Кечээ гана турдум эле тосуп жаз. Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка, Алыкулдун ак боз минген отуз жаш. Өмүр, чиркин, суудай экен агылган, Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган. Алды кызык, арты өкүнүч сезилип, Жаштык күндөр жазда калып сагынган. Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да, Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда. Канча жашоо буюрганын ким билет, Калгым келет жашыл жаздын айлында. Жаштыгымды омуроолоп качырып, Туягынан даңкандары чачылып. Алыстарга ала качат ак боз ат, Отуз жаштын тоолорунан ашырып. Кечээ эле тиги кырда жок элең, Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?
  • Алыстан келсем сага кусаланып, Айылымдан кетиптирсиң узап алыс. Арнаган гүлдүн сага бариктери, Алдымда турду түшүп ушаланып. Кайырма: Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, Жоругуңду жазчу элем айдан алып. Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. Артыңдан барсам издеп кабар алып, Алдымдан чыктың капыс балаңды алып. Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп, Амандык сурашканга жарабадык. Кайырма: Жол жок эми өзүмдү куткарууга, Жакшы болбойт турмушуң бузганымда. Жооткотуп өзүмдү койдум алдап, Жолдошуңду жакшы деп укканымда. Кайырма:
  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин.