Казахские песни Узбекские песни

Сыймык бейшекеев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Сыймык бейшекеев

  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Кайырма:
  • Сурма бар сулуу көзүңдө Суктанам айткан сөзүңө. Сыздаса сен деп жүрөгүм Сырдашкым келет өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жалындуу жаштык кезимде Жанашкым келет өзүңө. Жарашып турат мүнөзүң Жалжылдап жанган көзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жүрсө бир болду элчиге Жүрөгүм сенин менчиңде. Чыдабай жаштык өртүнө Чын ашык болдум өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге.
  • Сөзү. Элмирбек Иманалиевдики Обону. Сыймык Бейшекеевдики Айдың көлдүн кылаасы калкылдаган, Таң нуруна татына жаркылдаган. Топ ак куулар бийлешет өмүр бийин, Толкундардын күүсүнө шарпылдаган. Ак куулар ак пейилден жаратылган, Моюндары аппак ай жаңы тууган. Токтоп берсе бир сүйүп алгың келет, Толкундарга өптүргөн канатынан. Карап эле тургуң бар карап эле, Саматат да, каратат жана деле. Ак куу болуп кетсем деп ойлоносуң, Же болсо не ак куулар адам эле. Анткен менен ак куулар аруу жандар, Түспөлүндөй апакай арыңар бар. Бизде кордойт жалгызды, силердечи? Бирөөн таштап кетпейсиңер калганыңар.
  • Кара көз, асылзатым, Кашымда жүрчү жакын. Карааның издеп келем, Кайталап улам атың. Кайырма: Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылы жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа, Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жарыгым, жакшынам, эй, Таалайым, татынам, эй. Карегиң тик кароого, Кантип мен батынам, эй? Кайырма: Көп кыздар бара жатса, Көрүнбөйт сенден башка. Бакытым өзүң болуп, Багындың махабатка. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа. Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылы жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба.
  • Ак көйнөгүң кийип келипсиң, Ак жоолугуң абдан жарашып. Ак куу моюн, сулуу жаш селки, Ай чырайың мынча жарашып. Кайырма: Мага жаккан аппак көйнөгүң, Күттүм эле кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак көйнөгүң желге желбиреп. Тээ алыстан көзгө чалынып, Ак жоолугуң абдан жарашкан. Аты жогуң шакек тагынып, Айтып турат эми талашпа. Кайырма: Жарашыктуу аппак көйнөгүң, Күткөн элем кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп. Ай чырайлуу сулуу кара көз, Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан. Ак жоолугуң асти түшпөсүн, Бактылуу бол, кимге жолуксаң. Кайырма: Жолугууга аппак көйнөгүң, Күткөн болчум кийип келет деп, Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп.
  • Батасы эл көгөрткөн Бакайдай аталарга Салам, салам. Аскар тоо жөлөк болоор Ак калпак агаларга Салам, салам. Акылга акыл кошкон Ардактуу энелерге Салам, салам. Кылыгы жанга жагым Кымбаттуу жеңелерге Салам, салам. Ата журт жанга кубат Ала-Тоом алтын турат. Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына, бар тарапка Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Максатташ өскөн жаштар Саламдаш кадырлаштар Салам, салам. Катарлаш карлыгачтай Кара көз карындаштар Салам, салам. Жакшыңды ыр кылаарым Жан дүйнөм сыр кылаарым Салам, салам. Кубанып кол алышкан Курдаштар, курбуларым Салам, салам. Ата журт жанга кубат Ала-Тоом алтын турат. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Ак эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына бар тарапка Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Атына жалынаарым Айланам туулган жерим Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына, бар тарапка Салам, салам. Атына жалынаарым Айланам туулган жерим Салам, салам. Алыста сагынаарым Атпай журт кыргыз элим Салам, салам. Белектей Теңиримен Бейиштей кыргыз жерим Салам, салам. Алакан чаап тоскон Асылым кутман элим Салам, салам. Ата журт жанга кубат Ала-Тоом алтын турат. Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Ак эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына бар тарпка Салам, салам. Салам, салам. Салам, салам. Салам, салам.
  • Бул өмүрдө сиздей жан Болбостур ата Буулуксам да бөксө жерим Толбостур ата Өкүт кылып кайрылбасын Билип турсам да Өзүңүзгө сагынуу эч Солбостур ата Сиздей болбостур ата Өзүңүзгөй асыл жан Болбостур ата Акыл айттың жугумдуу Кынаптап ата Адам кылган тарбияңа Ырахмат ата Биримдикке чакырат Накыл сөздөрүң Бизден алыс кетсеңиз да Адам кылган тарбияңа Ырахмат ата Арманымды баардык жанга Билгизбейм ата Арамдыкты жан дүйнөмө Киргизбейм ата Антым ушул тирүүлүктө Буюрса кудай Атыңызга жаман сөз Тийгизбейм ата Айкөлүм атам Менин байтөрүм ата Атыңызга жаман сөз Тийгизбейм ата Ыраактап ата Ырахмат ата сизге Атыңызга жаман сөз Тийгизбейм ата Антым ушул тирүүлүктө Буюрса кудай Атыңыздан алат сөз Тийгизбейм ата
  • Кара көзүм кайдан сага жолуктум, Караколдон карегиме толупсуң. Карлыгачтын канатындай каш кагып, Капысынан жүрөгүмдү ооруттуң. Кайырма: Кандай сулуу бүт баары, Караколдун кыздары. Кыйбай артка кеталбай, Кылчактайбыз биз дагы. Жымыңдашып жылдыздай, Жыргап көңүл куштары. Карагыңды келтирет, Караколдун кыздары. Түрдөнөсүң көйнөгүңдөй булактап, Кылыктанып карматпайсың кылактап. Ортобузда кол тийбеген алыстык, Ойлонсом да жетким келет бир аттап. Кайырма: Кандай сулуу бүт баары, Караколдун кыздары. Кыйбай артка кеталбай, Кылчактайбыз биз дагы. Жымыңдашып жылдыздай, Жыргап көңүл куштары. Карагыңды келтирет, Караколдун кыздары. Сагынчым жүрөгүмдү эзгилеп, Сага деген санаа менен кеч кирет. Ырларымды сени көздөй узатам, Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп. Кайырма: Кандай сулуу бүт баары, Караколдун кыздары. Кыйбай артка кеталбай, Кылчактайбыз биз дагы. Жымыңдашып жылдыздай, Жыргап көңүл куштары. Карагыңды келтирет, Караколдун кыздары. Сагынчым жүрөгүмдү эзгилеп, Сага деген санаа менен кеч кирет. Ырларымды сени көздөй узатам, Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп.
  • Коңур күздө түшөт сары жалбырак, Келчү жолуң күтөм карап жалдырап. Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип, Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел. Сени күтүү — зор бакыттын дал өзү, Сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү. Ал ансайын сендик сезим артылып, Сага болгон махабатым күчөдү. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел. Батыраак кел күзгү жаанга карабай, Басалы бул эски бакты аралай. Сапырылган жалбырактар шуудурап, Кыялымды алып учат сабалай. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
  • Чачыбыздан өпкүлөгөн, Ак жамгырлар, жамгырлар. Май түнүндө бизди тапкан, Махабаттын таңы бар. Жамгыр жууп кусалыкты, Көңүлдөрдү тазартып. Көптөн күткөн жолугушуу, Самап күткөн жолугушуу, Сагынычтан арылар. Кайырма: Ак жамгырлар тыбыр, тыбыр, Тыбыраган, тыбырап. Арзуу айтып шыбыр, шыбыр. Шыбыраган шыбырап Жаратылыш жаздын жыты, Жыттангандай жагымдуу, Жан жыргатып жүрөктөрдөн, Жүрөктөргө ыр улап. Ажырашуу мүнөттөрү, Коштошуунун мүнөттөрү Булуттардай буюгат, Мөлтүр тунук тамчы, тамчы Мойнубузга куюлат. Ал тамчылар токтоно албай, Мөлт, мөлт этип токтоно албай Кирпиктерден кулаган Коштошууга кыйбай турган, Көз жашымдай туюлат Кайырма: Ак жамгырга жарашкандай, Ак кайындар, кайындар Араладык жыргаткандай, Алыс калып айылдар. Экөөбүздөн башка жоктой Бактылуулар ааламда, Кош деп айткым келбейт такыр Ага кандай шайың бар. Кайырма:
  • Тагдыр берген омур кечи, танынан, Таткан барбы эн бир ширин балынан. Сонун, сулуу ошончонун ичинен, ай Боюнда бар аял сулуу баарынан! Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу деги эле. Эңсөөлөрдү жакшылыкка коштотуп Эртеңкинин үмүтүнө от кошуп Жан бүткөнгө жашоо берген эненин Жер шарына турганына көр окшошуп Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу деги эле. Менде кабар, жакшы тилек бир үзүм Туюкбайым бактым, нурлуу үмүтүм. Эл намысын коргогон эр чыкса деп, ай Төрөлүшүн күтүп жүрөм күнү-түн. Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө! Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө!
  • Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт, Чындыгын ырастап ий бул жомоктун, Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт. Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай… Казактын кең Дархан талаасында, Ээн талаа эрме чөлдүн арасында. Желмаян төөгө миниип бир байбиче, Желдирип келе жатты шашке маалда. Ким дейсиң, бул байбиче Найман апа, Азыр ал тагдырына абдан капа. Жалгызын жоготконго ичи ачышып, Жалдырап көзүн салат эки жакка. Бечара улутунуп ыйлап, ыйлап, Бел тутуп өткөн күндү эске салат. Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле, Жалгызы боор көтөрүп чоңойгондо, Жаа тартып, кылыч шилтеп торолгондо, Жарады эл ишине, ар намыска, Жаш-кары баары көрдү жоо чабышта. Айлардан ай алмашып айдан жылга, Айланып убакыт да алга жыла. Бактылуу асыл күндөр өтө берди, Баа жетпес алмаштырбас алтын га да. Жараткан оо Кудай ай, атаганат. Капыстан чуулгандуу кептер тарап, Кыргызым дүрбөлөңгө түшүп замат. Тургула! Тургун элим жоо келди! деп, Угулду үндөр улам жаңырыктап. Аттанып кыргыз элим жоого каршы, Алдыда уулу барат колдун башы. Бечара Найман эне калып калды, Уулуна берем деген бышпай ашы. Оо, Кудай ай жок дегенде, Өз колуман акыркы даам берсем не? Токто, кагылайын кайрылчы артка, Деп зар какшап калып калды Найман эне Күндөрдөн күн алмашып өтүп жатты, Күндөрүн үзбөй эне күтүп атты. Жүрөгү бир жамандык билдиргендей, Түшүнө алда нелер кирип атты. Тигине, келатышат түрлөрү бар чаалыккандай, Тилеги уулун көрсө сүйүнүчтөн маңдайы жарылчудай. Эмнегедир көрүнбөйт го уул элеси, Курган жүрөк бир башкача туйлайт да, Бул эмнеси? Байбиче деп, Кеп баштады уруу башы, Бардаш кыл эсиңди жый садагасы. Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң, Байкабадык биз аны кара басып. Жок, жок, жок! Чучуктай чаңырды эми байкуш эне, Жоламан сени ушинтсин дедим беле?! Кайгырып, боздоп ыйлап, зар какшаса, Кара жердигинен түткөн белем. Энеге эми баары бирдей болду, Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун. Жылдар өттү баары бир эне күтөт, Жылдызы келчүдөй бир сунуп колун. Бир күнү түшкө маалы үй жанынан, Биригип кербен өтүп бара жатты, Байбиче кербендерге кымыз сунуп, Ак бата, ак тилегиңер уулума деп, Бечара Найман кемпир тилек кылды. Аңгыча кербен башы сөз баштады, А, байкуш эне ага кулак түрдү. Келатып эрме чөлдүн арасынан, Кер мурут жигит көрдүм төө кайтарган. Сезбестен чөлдүн аптап ысыктыгын, Сенделип басып жүрөт төө артынан. Сүйлөсөң жооп бербей башын катат, Сүрдөнүп киши көрсө ары басат. Уулум, бери келгин жакын десем, Умтулуп маңкурт сымал бизден качат. Сезди эне ал Жоламан уулу экенин, Уулумду издөөчү мен бекемин. Шерт байлап мына ушинтип чыкты жолго, Төө минип, камчыланып оңго-солго. Аптадан өтүп калды чыкканына, А, Кудай жеткире көр максатыма. Алыстан калың төөнүн үйүрүн көрүп, Ашыкты ылдамдатып камчылана. Жел жетпейт желгенине желмаяндын, Бат эле кирип барды төөгө жакын. Төөчүнү көрөр замат дароо таанып, Кыйкырды Жоламан! деп үнүн баарын. Кыйкырык үндү угуп жалт карады, Көздөрү эне көзүн бир арбады. Буулугуп эне турду уулун тиктеп, Бурулуп уулу кетти мал сыңары. Кулунум деп учуп түштү желмаяндан, Кургурум тааныйсыңбы бул мен апаң. Эстечи атыңды айтчы, атыңды айтчы, Эрмегим билесиңби ким сенин атаң? Уулу дал болгондой башын чайкап, Долдурап үн чыгарып маңкурт деди. Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне, Уугуп сүйлөй албай ыйлай берди. Жок, кулунум сенин атың маңкурт эмес, Жоламан сенин атың кургурум ай. Атаңдын атын унутупсуң аның кандай? Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай. Оо, таш боор адам, Качанкыга бир-бириңди кордойсуңар? Эмне үчүн оо, катыгүн, Адам деген атка татык болбойсуңар? Деп зар какшап ыйлап жатты Найман эне, Аңгыча көрүп калды не бир караан. Көрө сала сурады уулунан ал, Келе жаткан кимдер болот эки адам? Кожоюн деди маңкурт, Өзүнөн өзү коркуп, Кокуй анда мени айтпа кайра келем. Бүгүн түнү мекениңе алып кетем. Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти, Аңгыча эки жуңжуң жетип келди. Тигил ким качкан сенин жаныңдагы? Айткының өлтүрөбүз азыр сени. Билбеймин, энеңмин деп өзү келди, Билегим кармап алып ыйлай берди. Жалган ал энең эмес деп байкушту, Өлтүргөнү келген сени деп коркутушту. Алдыгы тебетейиң жулуп алып, Башыңды кайнак сууга малат деди. Эх, мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип, Эми келсе аткының деп жааны берди. Адамзатты айбан кылган макулуктар, Ардантышып маңкуртту жөнөп кетти. Аңгыча күүгүм каптап айлананы, Ай чыкты сүттөй кылып эрме чөлдү. Элине алып кетем деп эне келсе, Эссиз уул өз энесин ажал көрдү. Келет эне уулуна жай бастырып, Бечараны ажал бол деп шаштырып. Адамзаттын бул ишинен жийиркенгендей, Ай да кетти булуттарга жашырынып. Жоламан, Жоламан деп эне келет, Жалгызым кайдасың? деп сыздай берет. Токто! Кагылайын атпа! Атпа! бул мен апаң, Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет. Тепчилди жебе эне жүрөгүнө, Термелип ылдый карай кулап барат. Жоолугу моюн ылдый шыпырылып, Жомокто куштай болуп сүйлөй учат. Кулунум, тааныйсыңбы бул мен апаң? Атың ким? Атың сенин Жоламан. Атаң ким? Кургурум ай, Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай… Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт, Чындыгын ырастап ий бул жомоктун. Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай…
  • Күн дагы бүркөлдү, Адамдын кабагындай. Турмушуң үзүлөөр, Алманын сабагындай. Кайырма: Кыргызым ыйлаба, Күн тийет сага да. Намыстуу эр чыгат, Буйруса бактыңа. Ыйлаба кыргызым, Бөксөрбөйт ырысың. Азат күнгө алып чыгат, Буйруса уул кызың. Базарда көр турмуш, Кыйналдың сен бир укмуш. Күдөрүң үзбөчү, Болоор чоң бурулуш. Кайырма: Кыргызым ыйлаба, Күн тийет сага да. Намыстуу эр чыгат, Буйруса бактыңа. Ыйлаба кыргызым, Бөксөрбөйт ырысың. Азат күнгө алып чыгат, Буйруса уул кызың. Элимдин ырысын, Кемиткен наадандар. А дүйнөгө барганда, Бир кудай жазалаар. Тийбечи суранам, Элимдин нанына. Убалы кыргыздын, Уктатпайт сени да. Ыйлаба кыргызым, Кемибейт ырысың. Азап күндөн алып чыгат, Буйруса уул кызың. Демиңе дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүк дөңүндө, Жашаймын эл менен.
  • Көңүл сүйгөн нур кызым, Мен көксөгөн жылдызым. Сүйүп калдым кантейин, Таэжемдин тун кызын. Кайырма: Бөлө, бөлө, бөлөм деп, Бөлөм үчүн мен өлөм деп. Күтүп жүрөм өзүңдү, Не болсо да көрөм деп. Эй бөлө, бөлө, бөлөм деп, Сен үчүн мен өлөм деп. Күтүп жүрөм өзүңдү, Не болсо да көрөм деп. Айткан сөздү оболу, Мен күткөндөй болбоду. Катуу тагдыр кантейин, Экөөбүздү кошподу. Кайырма: Балалыктын туптунук, Ууз сүйүүсүн арнаган. Жылдар өтсө арадан, эй Жолугарбыз кайрадан. Кайырма:
  • Жүрөгүм алып учат, эмне менин Жүргөндөй ортосунда асман- жердин. Маңкайып Теңир Тоонун маралындай Махабат жетелетип, кайдан келдиң? Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Арзуудан ажыраткыс бир күч барбы Айбаты барат мынча түн кыскарды. Жоготуп албас үчүн жолугууну Жолуңа төшөсөмбү жылдыздарды. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Бактысын издеп жүргөн жалгыз сенби? Бактысын издеп жүргөн жалгыз менби? Күн санап, өмүр турсак, конокко окшоп Күнөлөш күнөө чыгар сүйгөндөрдүн. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа.
  • Көркүңө көзүм тойбойт асыл эркем, Көөдөндө арзуу ыйлайт сага деген. Армансыз бул дүйнөдөн өтөт го дейм Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен. Армансыз бул жашоодон өтөт го дейм Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен. Мергендин огу жетпес аркарсыңбы, Мээнеткеч чырмаган же аркансыңбы. Адамдан сендей сулуу жаралабы, Акылдан адаштырган калтарсыңбы. Адамдан сендей сулуу жаралабы, Айжаркын адаштырган калтарсыңбы. Туйлаган агын сууда балык болуп, Тушалдым, туталандым карып болуп Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң.
  • Эрте жазда ээрчип сени баргым бар Бекем кармап этегиңе тамгым бар. Эсте калган эски жомок күндөргө Эркелешип кайрадан бир жангым бар. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Гүлү болдуң, аттиң башка бакчанын Сен бөлөксүң, мен да жаным башкамын. Өмүрүңө кайрадан бир кайрылып Өзүң менен атса гана ак таңым. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Билегиме оролсоң ай кайра бир Бийлесекчи баштагыдай жайдары. Куштар ырдап биздин гана бакчага Бизге гана күлүп турса Ай дагы. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жашоо бизге эми кымбат сезилип
  • Тумчугуп жашоом туман Чыйрыгып көзүм жумам Туңгуюк бул жашоодон Түгөндү такыр аргам Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Жубайым эркелетип, боорума кыскым келет Арданам арданамын Неге артта кармалганмын Жаш кездеменин деле Жакшы эле самаганым Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Ата-энем күнөөлөбөйм Чалынган тагдырыма Башынан баарын баштайм Буюрса баары алдыда Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам, үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, закымдап сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Тажадым бул чөйрөдөн адам болгум келет
  • Кой көздөрүң жалжылдап, Карагаттай күкүк ай. Аясаңчы жүрөгүм, Жаралантпай, күкүк ай. Аруу түндө нур чачкан Ай болоюн, күкүк ай. Көңүл кушун көтөргөн, Жай болоюн күкүк ай. Кайырма: Күкүк ай, күкүк ай, Жүдөп бүттүм күтүп ай. Бакан менен ийиндеп, Суу аласың күкүк ай. Жандап бассам жер тиктеп, Уяласың күкүк ай. Деги сенин купулуңа, Толомунбу, күкүк ай? Суу жетпеген какыр сайдай, Соломунбу, күкүк ай? Кайырма: Уялбастан жаныма, Жакын келчи күкүк ай. Өзүң менен бир болоюн, Макул дечи күкүк ай. Терезеңдин түбүндө Күтүп турам, күкүк ай. Махабаттын ызгаарына, Үшүп турам, күкүк ай.
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Башында сен жүрдүң каткырып, Сүйөм деп сен мени жактырып. Эгерде чын сүйсөң сен мени, Эмне үчүн кетесиң калтырып? Себебин билдим мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени калтырды. Сен тиктеп менин көзүмө, Кечир деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп.
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт. Кайырма:
  • Ким элек, ким болдук?,- деп Суроонун жообун издеп. Аскадай абийир болсо, Алдыкпы аны түздөп. Аскар-зоо намыс урап, Ала-Тоом ыйлап турат. Ушул күнгө жеткиргендер Береби элге сурак? Арман ай, кыргыз элим Айласын таппай турат. Үй бүлөө багабыз деп, Үшкүрүп бакыт издеп, Жүрүшөт башка өлкөдө Бир эмес миңдеп, жүздөп. Алыскы сапардагы Бир тууган, боорум кыргыз. Таң берем кайратыңа Ийилгис, такыр сынгыс. Күн берет кыйналганын Ай күнүң күлүп Чынгыз. Эр Манас тукумдары Ээрчишип закымданып. Күн санап кеткендердин Аягы басылбады. Чоңдорун кооз сүйлөп Чокчоңдоп бакылдады. Күнүгө жүз айтышат Жакшы күн жакын калды. Эл ишенбей калганына Жетпейби акылдары? Абийирди жоготтукпу, Табабыз кайдан алып Аксымдар сүйлошөт го Асмандан айды алып, Тим койсок, жерди бүтүн Жутушат чайнап алып. Түшүнчү бир тууганым Булар кетишет пайдаланып. Арбактар кечиргиле Биз кеттик майдаланып. Жакшы күн сөссүз келет Жабыркап чөмүлбөгүн. Көрбөйүн, укпайынчы Кабыргаң сөгүлгөнүң. Башка элге уят болуп Бечара көрүнбөгүн. Бир тууган боорум кыргыз Бириндеп бөлүнбөгүн Жараткан кечирбейт го, Эми кан төгүлгөнүн. Кыргызым качан, кайдан Акчага сатылчу эле? Түндүсүң, сен түштүк деп Бир-бирин басынтчу эле?.. Жакшысын даңазалап Жаманын жашырчу эле.. Жабыркап калса бири Жардамга шашылчу эле.. Ушундай ынтымакта Жашасак болбойт беле.. Депутаттык керек эмес Бир бүтүнмекн керек. Ажолук керек эмес Урпагың эсен керек. Журтташым ойлонолу Биз эмне курал белек. Болбогон акча үчүн Ар кимге болдук желек. Кудайдан корколучу Болбойлуу мерез сенек. Энелер ынтымактын Эшиги болуп келген. Терметип ырыскынын Бешиги болуп келген. Кээ бир аялдар ажаандыгы Тирүүлөй бизди сойду. Сен чүйлүк, оштуксуң деп Ынтымак такыр жойду. Аттиң ай, араңардан Бир Каныкей чыкпай койду. Сөз өтөөр, салабаттуу Курманжан чыкпай койду. Элеси канча өтсө да, Эсимден кетпей турат. Насаатын элге айтканга Бир Чыңгыз жетпей турат. Ким болдук, биз ким элек? Улуу журт урпагы элек.. Бириндеп жоголбойлу Бизге азыр Манас керек. Шору көп кыргызым ай, Ушундай болот белек.. Уул-кызды ойготуучу Ынтымак бизге керек. Аталар сактап келген Мекенди ойлон кыргыз! Аздектеп бапестеген Энени ойлон кыргыз! Тирүүлүк бейишиндей Жериңди сакта, кыргыз! Бирөөнүн бийлиги үчүн Элиңди атпа, кыргыз! Коңшулар сынап турат Бүт дүйнө турат карап. Бир-бириң сатпа кыргыз Жаманын жогот бекит Жакшыны макта кыргыз! Кыргыз…мммм.мммм Бүт дүйнө карап турат Коңшулар сынап турат. Бир-бириң сатпа кыргыз Жериңди сатпа кыргыз!
  • Коркубуз конулго ынаган Кылычтай келишкен кындагы Балдарбыз достука шерт берген Токсон биринчи жылдагы Кулупунуп кызгалдак гулундой Шамалга ыргалган кырдагы Кыздар да башкача жан эле Токсон биринчи жылдары Анда биз жаш элек наз элек Ыр болуп жашоонун жыргалы Термелген жаш омур биздики Он сегиз жаш деген ырдагы От койгон студент омурго Токсон биринчи жылдары Жаштарбыз жагымдуу жалындуу Жыйырманчы жаз деген ырдагы
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл.
  • Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр? Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы Сырымды мен силерге айтып турайын Шыбыраган сөзүңөрдү угайын Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын Учасыңар бууга айланып асманга Кайра эртелеп таң эртеге келгиле Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук Акак сүйүү ала келип бергиле Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
  • Сел болуп агылбайсыңбы? Сезимге багынбайсыңбы? Сенектик ээлеп алганбы Сен мени сагынбайсыңбы? От болуп жалындайсыңбы Оргуштап агылбайсыңбы Опкоолжуп жүрөк туйлатып Ойлонуп сагынбайсыңбы Карекке кабылбайсыңбы Кайра эми табылбайсыңбы Катарлаш баскан жаштыктын Кайрыгын сагынбайсыңбы Күнүмдү экчегенсиңби Күүгүмдү беттегенсиңби Күргүштөп өткөн жаштыктын Күрдөөлүн эстебейсиңби Турмуштан өксөгөнсүңбү Тумчугуп бөксөрөсүңбү Түйшүксүз сүйүү күндөрүн Түшүңдө көп көрөсүңбү Тагдырды жектегенсиңби Таалайды чектегенсиңби Ташкындап турган жаштыкты Тамшанып эстебейсиңби Үшкүрүп ээх дебейсиңби Үйрүлүп кетпе дейсиңби Үлбүрөк ошол кездерге Үндөсөм кеч дебейсиңби?
  • Кайылмын бул жашоонун Кайылмын бир сен үчүн бардыгына. Жашайын моюн сунуп Сезимдин махабаттын ыргагында. Увазир жандооч болуп Жашайын сенин гана хандыгыңда. Махабат ырын ырдап Өтөйүн бир өзүңдүн жарлыгыңда. Кайырма: Шириним, шириним ай Ширеңди тата албай. Шибердей куурап барам Ширенкедей тутана албай. Ханышам ырымды укчу Өзүңө ырдан артык белегим жок. Арнайын ушул ырды Алтындан белек кылчу себебим жок. Ханышам жөн ырдабайм Ырдабайм бир өзүңө себеби жок. Анчалык сумсайбачы Сулууга мерездиктин кереги жок. Кайырма: Жомокко кирип жашап Ак чотур көздөрүңдү уурдап карап Жамалым карап койчу Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап. Увазир болуп сага Уурданып тиктей берем кайра-кайра. Ханышам күлүп койчу Билмексен болуп мени калп кыйнаба.
  • Көзүмдү албай коломтонун отунан, Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам. Тагдыр турат коломтого байлануу Таштап кетсем не болот деп чочуган. Арзуу бизге азап болду кайдагы? Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары. Агай, мени өзүң элең азгырган, Астыртадан көздү кысып, жазгырган. Калбай ээрчип, күндө белек калтырып, Карындаш деп эркелетип, наз кылган. Ал ансайын жүргөн элем тартынып, Моюнума колуң турса артылып. Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз, Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз. Арзуу деген азап экен туйланган, Жакын туруп алыс минтип арабыз. Көңүлүбүз, Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга, Бей убакта, Бей убакта биз келебиз гүлзарга. Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз, Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз? Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр, Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз. Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр, Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр. Жашырынган сүйүү — ушул сүйүүбү? Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү. Алысташып жашайлычы, агайым, Азап толду сени кыя албай, үйүңдү. Мен тагдырдан өз теңимди табайын, Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.
  • Аялзаты жан дүйнөнүн жакыны Ансыз жоктур махабаттын татымы. Сулуулугун сактап турган ааламдын Адамзаттын жашоосунун асылы. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар. Аялзаты — бакыт заты табылбас Ансыз жашоо урпк улап, жаңырбас. Үйдүн куту, турмушуңдун туткасы Өзүң менен өмүрлөшкөн өмүр жаш. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар. Аялзаты касиети улуулар Мээриминде күн нурундай жылуу бар. Көркүн ачып, биз жашаган турмуштун Көзгө сүйкүм, жанга жагым сулуулар. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар.