Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айжаркын»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көркүңө көзүм тойбойт асыл эркем,
Көөдөндө арзуу ыйлайт сага деген.
Армансыз бул дүйнөдөн өтөт го дейм
Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен.
Армансыз бул жашоодон өтөт го дейм
Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен.
Мергендин огу жетпес аркарсыңбы,
Мээнеткеч чырмаган же аркансыңбы.
Адамдан сендей сулуу жаралабы,
Акылдан адаштырган калтарсыңбы.
Адамдан сендей сулуу жаралабы,
Айжаркын адаштырган калтарсыңбы.
Туйлаган агын сууда балык болуп,
Тушалдым, туталандым карып болуп
Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм
Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң.

Другие песни исполнителя:

  • Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты, Көкүрөк дарты жарылбай жатты. Убакыт учат зымырык куштай, Уйкусуз далай таңдар да атты. Колдон бир келбес иш экен аттиң, Козголбос жайга сен эми кеттиң. Чымындай жаның чыркырап кетти, Чын кеткениңди мен бүгүн сездим Эмне мынча сен эртелеп кеттиң, Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң. Укканда сени ишене албай, Ушак бул жалган бир кептир дедим. Арман күн андай болбоду досум, Ыр бутагына конбодуң досум. Аталап ыйлаар туяк калтырып, Анан кийин не соолбодуң досум. Арбыбай сенин кадамың досум, Арылбай жакшы арааның досум. Сыздатып коюп сен учуп кеттиң, Сагындык сенин карааның досум. Артыңдан калган досторуң досум, Армандуу коштойт үнүңдү досум. Черткенде черди таркатчуң аттиң, Гитардын кылы үзүлдү досум. Арман ыр жүрөк толгойт го досум, Өзүңдөй эми болбойт го досум. Эрте алып кеткен арадан бөлүп, Боору таш ажал тойбойт го досум. Булактын көзү соолдубу досум, Буурчак жаш көзгө толдубу досум. Береним бизден бөлүнүп учтуң, Бейишке жаның кондубу досум. Узатып бирге өзүңдү жоктоп, Табигат кошо ыйлады досум. Таарыныч айтып тагдырга наалат, Канча жаш жүрөк сыздады досум. Тууганың менен досторуң досум, Жүргөнбүз сени жан тутуп досум. Келдиң да кайра шашылыш кеттиң, Ата-энең калды кан жутуп досум. Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп, Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп. Кантели тагдыр ушу экен арман, Аркаңда калдык буркурап-боздоп. Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай, Күйүткө салдың эң эле Таалай. Таалайы тайкы адамдай болуп, Тагдырың неден кем эле Таалай. Кызарып күнүң баттыбы досум, Күкүктөй үнүң каттыбы досум. Жалынсак дагы келбейсиң кайра, Жаннатка жаның жаттыбы досум. Булутка күнүң баттыбы досум, Булбулдай тилиң каттыбы досум. Ыйласак укпай сен кетип калдың, А дүйнө эмне жактыбы досум? Туулган жериң Чаткалың досум, Турпагын жаздап сен жатканың досум. Адамдын баарын өзүндөй көрбөй, Жүрсөң бир болмок сактанып досум. Эзилип жүрөк зырп этти досум, Ээ кылбай ажал шыр кетти досум. Буркурап, боздоп биз калып калдык, Ырдалбай канча ыр кетти досум. Энеңе кыйын иш болду досум, Кандай бир күнгө туш болдуң досум. Бектурган уулу Таалайбек өзүң, Элиңен кеткен бир куш болдуң досум. Ырларың калды аманат досум, Унутулбай ырың ырдалат досум. Таалайбек деген атың жүрөктө, Түк өчпөс болуп сакталат досум. Унутулбай ырың ырдалат досум, Кош, эми Таалай, тынч укта досум…
  • Айтууга келди кезек Атанын уулу дешет Жүгү чоң сөз экенин Жүрөгүм ичтен сезет Татыктуу бекенсиң деп Заманым сөөмөй кезеп Кайырма: Атаке, атакебай Жылт эткен санааңыздан Самоого өзүбүз да Сагынып калабыз да Эшик төр биз чоңойгон Эркелеп барабыз да Бактылуу узак жаша Бар болуп арабызда Табат деп ким сырымды Таштаймын көз нурумду Атымды элге угузуп Арнаймын бар ырымды Өстүрсөм экен сиздей Мен дагы өз уулумду Кайырма: Атаке, атакебай Жылт эткен санааңыздан Самоого өзүбүз да Сагынып калабыз да Эшик төр биз чоңойгон Эркелеп барабыз да Оорубай узак жаша Бар болуп арабызда Ден-соолук берсе экен дейм, Кылымды көрсө экен дейм. Пайгамбар жаш да кутман Тилегим берсе экен дейм Каткырып карылыкты Кайраты жеңсе экен дейм Кайырма: Атаке узак жашап, Аман жүр арабызда
  • Айылга эс алууга бардым эле Арбалып бир периге калдым неге? Байкабай жүргөнүңдү билбей мурун Көркүңө көз ирмемге тамдым көрө. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Өрт жалын аптабыңдан үйлөдүңбү? От чачкан карегиңден күйөйүнбү? Айга окшош толуп турган кезиң экен Аппак кыз алда кимди сүйбөдүңбү? Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Мезгилдер кайчы кеткен төкчү пейил Мен сени сүйөөр убак өттү дейин. Жөлөнсөң ийиниме жөлөн, бирок Жөн гана карындашым деп жүрөйүн. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым.
  • Сапырылган сары жалбырак, Санааларга мени азгырат. Терезеңе келип тигилсем, Үнсүз дарак тиктейт жалдырап. Кайырма: Жаш жүрөгүм мынча кайгырды, Көңүл кушун кимге алдырды. Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, Көздөрүңдөн жааган жамгырбы? Теребел да мынча көңүлсүз, Теректер да ойдон бөлүнгүс. Тегерете курчап буюмдар, Термелише тиктейт өзүңсүз. Кайырма: Болом деген өзүң түбөлүк, Асман дагы бүркөө түнөрүп. Өзүң тургай атың укканда, Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
  • Караңгы элге жарык болуп кире алган, Калкындагы ыйыктыкты биле алган. Кыргызымдын кыраандарын жайраган, Кара тарых болуп калды бир арман. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Жакшы ойлорго билим ширеп турушкан, Жаш өлкөнүн пайдубалын курушкан. Улутчул деп уулдарын улуттун, Жексурлары жаздым кылып тынышкан. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Кан какшатып, денеге мык ургандай, Канаттарын бирден сууруп тургандай. Кандай гана кыйналса да ошондо, Кайран эрлер калбаат турган сурданбай. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Эл, жер үчүн жакшы турмуш көздөгөн, Эмгектерин айтуу кыйын сөз менен. Эркиндикти көрбөй кеткен эрлердин, Элестери нурга айланды өчпөгөн. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип.