Казахские песни Узбекские песни

Сыймык бейшекеев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 4

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Сыймык бейшекеев

  • Теңирим теңдеп кошкон, алган жарым, Тереңдеп ойлоп турам ойдун баарын. Жанымдын жарымы болуп, ой бөлүшүп, Жакшы сөз арнаарың чын мага дайым, Алган жарым. Кудайым каалап кошкон, алган жарым, Кубанып ойлоп турат ойдун баарын. Турмушта арка-жөлөк болуп мага, Туу болуп турарың чын мага дайым, Алган жарым. Бак берип, Кыдыр даарып турса дайым, Балдарга өмүр берсин бир Кудайым. Жарым деп тартып турган мага убайым, Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым. Жаным деп тартып турган мага убайым, Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
  • Айылга барганымда туулуп-өскөн, Көрдүм мен балалыкты шибер кечкен. Көз нуру сүртүп өтүп көңүлүмдү, Ыр келди куса менен жүрөк эзген. Бала чак, бала чак, Кандай сүйкүм карасак! Айтса жакын жүрөккө, Аты өзүнө жарашат. Балалык, балалык, Бакыт үчүн жаралып. Эл тилеги өссүн деп, Эртеңдерге баралык. Көргөндө көздөрүмдөн жанып учкун, Бактылуу балалыктын үнүн уктум. Өңүндө менин өңүм турган сымал, Өз эмес, ырын дагы сагыныпмын. Ак терек, көк терек, Сизден бизге ким керек? Гүлдөй сүйкүм гүлүм кыз. Келсин бизге тезирээк. Ак терек, көк терек, Сизден бизге ким керек? Айдай сүйкүм айым кыз, Келсин бизге тезирээк. Кайрылбай сагынсак да, самасак да, Канча ирет кыйбай кылчак карасак да. Эркиме койбой өткөн мезгил учуп, Эсиме түшөт күндөр бала чакта. Бала чак, бала чак, Кандай сүйкүм карасак! Айтса жакын жүрөккө, Аты өзүнө жарашат. Ак терек, көк терек, Сизден бизге ким керек? Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз, Келсин бизге тезирээк. Адамзат жолун улап жаралыпмын, Ааламга күлкүлөрү таралышсын. Агарып аталардын батасынан, Асманы бүркөлбөсүн балалыктын. Бала чак, бала чак, Кандай сүйкүм карасак! Айтса жакын жүрөккө, Аты өзүнө жарашат. Ак терек, көк терек, Сизден бизге ким керек? Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз, Келсин бизге тезирээк.
  • Айылга эс алууга бардым эле Арбалып бир периге калдым неге? Байкабай жүргөнүңдү билбей мурун Көркүңө көз ирмемге тамдым көрө. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Өрт жалын аптабыңдан үйлөдүңбү? От чачкан карегиңден күйөйүнбү? Айга окшош толуп турган кезиң экен Аппак кыз алда кимди сүйбөдүңбү? Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Мезгилдер кайчы кеткен төкчү пейил Мен сени сүйөөр убак өттү дейин. Жөлөнсөң ийиниме жөлөн, бирок Жөн гана карындашым деп жүрөйүн. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым.
  • Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр? Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы Сырымды мен силерге айтып турайын Шыбыраган сөзүңөрдү угайын Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын Учасыңар бууга айланып асманга Кайра эртелеп таң эртеге келгиле Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук Акак сүйүү ала келип бергиле Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
  • Көзүмдү албай коломтонун отунан, Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам. Тагдыр турат коломтого байлануу Таштап кетсем не болот деп чочуган. Арзуу бизге азап болду кайдагы? Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары. Агай, мени өзүң элең азгырган, Астыртадан көздү кысып, жазгырган. Калбай ээрчип, күндө белек калтырып, Карындаш деп эркелетип, наз кылган. Ал ансайын жүргөн элем тартынып, Моюнума колуң турса артылып. Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз, Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз. Арзуу деген азап экен туйланган, Жакын туруп алыс минтип арабыз. Көңүлүбүз, Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга, Бей убакта, Бей убакта биз келебиз гүлзарга. Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз, Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз? Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр, Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз. Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр, Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр. Жашырынган сүйүү — ушул сүйүүбү? Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү. Алысташып жашайлычы, агайым, Азап толду сени кыя албай, үйүңдү. Мен тагдырдан өз теңимди табайын, Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.
  • Булактай көздөрүң башкача экен, Бул кечте сага эч ким жакпаса экен. Мен сага сүйөм деп айткычакты, Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен. Ботодой көздөрүң бал-бал жанат, Канбаймын карегиң талбай карап. Мага эми эч качан тынчтык бербес, Махабат жүрөккө салган жараат. Мага сен сурандың келиңиз деп, Махабат ыр ырдап бериңиз деп. Ырымды баштадым сүйүнүчтөн, Өзүм да жүргөнсүп сени издеп. Термелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Ирмелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Буралып, ийилет кымча белиң, Кыйналып, күйүгөт мынча демим. Ырымдын аягын бүтүрбөстөн, Жанымда узакка турса дедим. Тартуулап көөнүңө таттуу кумар, Койкоёт моюнуң ак куу сымал. Татына көркүңө көз тийбеске, Тагылсам дедим мен сага тумар.
  • Кызыктырган гүлүм, ай Кызыгамын, билгин ай. Жандап баса албаймын Жалтантат го сүрүң ай. Кыйнап мени бүттү го Кызгалдактай түрүң ай. Күлмүң көзүм, татынам Күбүлбөсүн бүрүң ай. Кайырма: Ах, гүлүм ай, гүлүм ай Сага таза дилим ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап Чарчады го тилим ай. Ох гүлүм ай, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай Чаңкап суусап, ыр ырдап Чарчады го тилим ай. Басканың бут маралдай Батынып мен баралбай. Чаң толсо да камбары Чай ичкендей карандай. Кол сунсам да жетпедим Койсоң эмне жаралбай. Ээнсиреп кыйналдым Эл баспаган аралдай. Кайырма: Ах, гүлүм ай, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай, Эх, эх, гүлүм ай Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай. Суу аласың булактан Суугун артып караткан. Качан сага сырдашам Калыс болчу жараткан. Сезилбестен өткөнбү же Сени сүйөөр курактан. Таң берейин жүрөккө Тамшандырып сураткан. Кайырма: Ах, ах, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай, Эх, гүлүм ай, гүлүм ай Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай.
  • Кыргызым эчен-эчен кылым баскан Жыргалдын, кууралдын да даамын таткан. Кууралын жан душманга билдирбестен, Жыргалдын болооруна үмүт арткан. Атабыз эр Манастай шерлери да Алгалап, сүрөп дайым намыс тапкан. Бабалар басып өткөн жолду баспай Аталар ашып өткөн тоону ашпай Кыргызым эмне мынча мүңкүрөдүң? Күндүзү чырак кармап, жолун таппай Шерлериң, баатырларың жоктугунан Түн болуп турат үмүт таң атпай ий. Намыстан куйкаланып көкүрөгүм Бириндеп, бирикпестен сөгүлөмүн Мынча эмне, майдаландың кыргызым деп Дендароо ар кыл ойго чөмүлөмүн Бүгүн мен бир чындыкты ырдап берем Чыйрыкпай, чычалабай угуп тургун, өтүнөөрүм! Кейидим, кесе тиштеп бармагымды Бере албай бүт кыргызга жардамымды. Көргөндө күйүп кетем башка улутка Басынып, башты жерге салганымды Аттиң ай, түркүк болоор камчыга сап Намыска жараар уулуң калбаганбы эээй.. Митинг деп чуу түшүрүп бүт өлкөмдү Менингит кылмай болдук бул чөлкөмдү Бар беле жети атаңда ушундай салт Намыска ойлойсуңбу сен эртеңди? Сый-урмат алым тынат, улуу намыс Же эмне, Манас менен кошо өлгөнбү эээй. Биздеги алым тынат улуу намыс Же эмне, Чынгыз менен кошо өлгөнбү? Сый көрүп, төрдө отураар убагында Кетсин деп, ураан кармап чалдар жүрөт Бул биздин уруубуздун мыктысы деп Кемпирлер чуу түшүрөт, жолду бөгөп Аз күндө бири-бирин жеп бүтөт деп Шылдыңдап, кошуналар бизге күлөт ээй. Шерменде кылдыңар го бүт өлкөмдү Шылдыңдап, башка улуттар бизге күлөт Тынч турган элди алдап, бүлүнттүңөр Акчанын кулу кылып жүгүнттүңөр Кимисине ишенээрин билбей элим Суу сепкендей өчүп барат үмүтүңөр Саясатың сайда калгыр, так талашкан Түңүлтүңөр, силер бизди түңүлтүңөр, ээй Зымырап өмүр алга шашып барат Байлыгың, бийлигиң да баары калат. Бийликтен көзү каткан бурадарлар Акыры жамынарың боз топурак. Жасаган ар бир ишке жооп беребиз Жараткан Кудай өзү карап турат ээй. Кыргызым ушунчаңда токтололу Жараткан кудай бизди карап турат ээй. Кыргызым ушунчаңда токтололу Токтотпосок, Кудай бизди чындап урат ээй.
  • Бир болчу келген кечээбиз, Билгизбей жанды нетебиз. Керемет ушул өмүрдө, Кездешпей кантип кетебиз. Кайырма Бир тааныш бойдон экөөбүз, Билишпей кантип өтөбүз. Көз тааныш бойдон экөөбүз, Көрүшпөй кантип өтөбүз. Сен келген кече шаң болуп, Сезимге аткан таң болуп. Жүрөкө бердиң жылуулук, Жүз жылда келчү жан болуп. Өзүңдөн сурайм жарыгым, Өчүрбө жүрөк жалынын. Күйсө бир күйсүн өрттөнүп, Күтүүгө жетпейт сабырым.
  • Койгондой мезгил сизге жүгүн артып, Саамайың былтыркыдан агыш тартып. Энекем, кагылайын картайбасын, Өмүрдүн кайыгында барат калкып. Энеке кагылайын картайбачы, Саамайың калыптыр го агыш тартып. Ааай, алтын энем мен үчүн канча чачың агарды экен. Энелер бар бул дүнүйө аста аста, Чалпалбай кармалгансыйт тең салмакта. Калыстыгы жок болсо эгер энелердин, Оодарылмак жер шарыбыз бир заматта. Калыстыгы жок болсо эгер энелердин, Оодарылмак жер шарыбыз бир заматта. Мммм, алтын энем мен үчүн канча түйшүк тарттың экен. Өмүрдүн шамын бизге эне жаккан, Кабагым кашым дебей барктап баккан. Эненин асылдыгын сыйлайлычы, Мени да , сени дагы эне тапкан. Эненин ыйыктыгын барктайлычы, Кадимки Манасты да эне тапкан. Эээй, алтын энем мен үчүн канча чачың агарды экен. Эээй, алтын энем мен үчүн канча түйшүк тарттың экен. Кабагым кашым дебей барктап баккан, Кылымдагы кыргызымды эне тапкан.
  • Сахна, сахна ыйыксың Өнөр менен улуксуң. Эргип чыксам өзүңдөн Элим жыргап ыр уксун. Сахна дүйнөм аңтарган Эл алдына алпарган. Тушоом кескен өзүңсүң Тууганбайдай залкардан. Тушоом кескен өзүңсүң Тууганбайдай залкардан. Сахна, сахна сен элдин Куттуу төрү өнөрдүн. Миң ырахмат өзүңө Сенден өсүп көгөрдүм. Сахна сенден ачылгам Жылдыз болуп чачылган. Эрте алдым нускасын Эстебестей акындан. Эрте алдым нускасын Эстебестей акындан. Сахна сенден ачылган Элден чыккан асылдар. Тагдыр тапкан өзүңдөн Менин дагы бактым бар. Сахна жолун ачасың Жарыгыңды чачасың. Алган Чынгыз атанын Ак дилинен батасын. Алган Чынгыз атанын Ак дилинен батасын. Сахна жолун ачасың Жарыгыңды чачасың. Алган кыргыз элимдин Ак дилинен батасын. Алган кыргыз элимдин Ак дилинен батасын.
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл. Кайырма:
  • Жаралап жүрөгүмдү Жаркытып күлөмүңдү Эх сүйүү, сүйүү Күүгүмдөп жүрөгүмдү Күмүштөп күлөрүмдү Эх сүйүү, сүйүү Ак таңдай сүрөрүмдү Арманга ширедиңби Ох сүйүү, сүйүү Арзуу деп бир өзүндү Аруулайм тилегимди Ох сүйүү сүйүү Ак башат булактайсын Сүйүү сүйүү Ак жарык чырактайсың Сүйүү сүйүү Асыл кечим чырактайсын Сүйүү сүйүү Күлмүң жаш курактайсын Эңсетип кусаланткан Жеткирбей жазаланткан Ох сүйүү сүйүү Сызылып мууңга баткан Сыр төгүп ырлар аккан Ох сүйүү сүйүү Бактыма башын каткан Багымды жашылданткан Эх сүйүү сүйүү Айтылып ал муздактан Өлбөстөн асыл заттан Ох сүйүү, сүйүү
  • Сен менсиз жашай албай журсон азыр Мен сенсиз жашай албай журом дайым Учса да мезгил бизге таасир этпей Унутуп бул дуйнонун жолун барын Кайырма: Мен сага бакыт каалап чын дилимден сен мага бакыт каалап чын дилинден Бир сезим таза сезим экообуздо Сагынам мага кымбат билинбеген Иш менен сен озунду алаксытып Иш менен мен озумду алаксытып Биз уйгон махабаттын жалындары Неге очпой куйуп келет жалын чачып Кайырма: Мен сага бакыт каалап чын дилимден сен мага бакыт каалап чын дилинден Бир сезим таза сезим экообуздо Сагынам мага кымбат билинбеген Болсон да сен алыста азыр менден Болсом да мен алыста азыр сенден Бир каккан журоктордун теренинде Бир сезим жашат келет тынчтык берген Кайырма: Мен сага бакыт каалап чын дилимден сен мага бакыт каалап чын дилинден Бир сезим таза сезим экообуздо Сагынам мага кымбат билинбеген
  • Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын! Энеке, ак сүтүңдү, Эл коргоп мен актаймын! Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм. Атаке, сөзүм берем, Жүзүңдү жер каратпайм. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Кыргызым, кутман элим, Бейиштен бүткөн жерим. Намысты алдырбайбыз, Ишенгин, менин элим. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө.
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт.
  • Суранса укпас, сөзүн далайдын, Суулардай аккан, күндү санаймын. Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм, Сени алып келчү, жолду караймын. Кайырма: Жакшынакайым, жарк деп элесиң, Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң. Жашыл жарык нур жааган жол менен, Качан келесиң ай, качан келесиң? Кантейин күткөн, кездердин көбүн, Каалабайм сенден, өзгөнүн демин. Карагым келип, карааның издеп, Карайып барат, көздөрүм менин. Кайырма: Сүрдөнүп бүттүм, тушалып деги, Сүйүүсүз жашап, утабыз нени. Кубаты сыйкыр, үмүтү менен, Кучактап алды, кусалык мени.
  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин.
  • Кейибей бул жашоодо башың көтөр, Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер. Кемийт дейт хандын тузу, кези келсе, Кедейлик уят эмес, эгер билсең. Байлыгың — колдун кири, жууса кетет, Балага мээрим болсун, урмат менен. Бапырап тынч жашасаң, ошол бакыт, Баарынан бейпил болсун Ата Мекен. Байлыкка кимдер гана умтулбаган, Байлыгы аз адамдар тынч уктаган. Байлыктын азабы көп, түбү түпсүз, Байлыгың адамды жөн куткарбаган. Басынып кереги жок байлык үчүн, Балдарың болсун сени урматтаган. Бардыгы өтөт, кетет изи калбай, Баарынан бала кымбат көч улаган. Күндүн да түнү болот капкараңгы, Күүгүмдүн таңы болот, жарык жаңы. Кундуздай кара чачың кечээ болсо, Кубулуп эртең башка, бубак басты. Жетишпес оокат бүгүн, эртең башка, Жетилет уулуң дагы, кызың дагы. Жемиши болот жаздын, күздү күтсөң, Жер эне бейпил болсо, болот баары. Армансыз бул жашоодо адам болбос, Аягың бир төгүлсө, кайра толбос. Аярлап күтсөң токтойт байлык дагы, Адашып бир жоготсоң кайра конбос. Адамды сынайт экен бакыт дагы, Асырап ары, келген кир жолотпос. Аялуу буюмуңдай аруу күтсөң, А балаң түбөлүктүү болот жолдош. Азамат эмгектенип уйку билбейт, Арсыздар бекер жүрүп күн кечирет. Ак эмгек жерде калбайт, элиң баалайт, Адалдык атак берет, даңкты берет. Адамды адам кылган — асыл эмгек, Байлыкты, бакытты да ал алып келет. Алтын баш аман болсо, акыры бир күн, Алтындан аяк алып суу ичет. Кейибей бул жашоодо башың көтөр, Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.