Казахские песни Татарский переводчик Башкирские песни

Ильяз Абдыразаков.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Ильяз Абдыразаков

  • Сагынычтан жүрөк эзилип, Кыйнап сезимди, унута албадым. Күндөрүмдү санап күтөмүн, Издеп жүрөмүн, жолуга албадым, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып. Абалымды сезип, түшүнбөй, Эзип кыйнадың, сыздап туйладың, Алсырадым аябадың го, Салып арманга, чексиз жалганга, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып.
  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Айрылбай дайым бир болом дегем, Алдатпай ак сүйүүм арнап келгем. Түшүнбөйм, эмне үчүн адашып кеттиң? Алыстап менден… Унутпайм, жаным, күтөмүн деген сөзүңдү эстейм. Кайырма: Сагынба, сагынба, санаага алдырба, Кайрыла албаймын, жалдырап жалынба. Жамгырга айтып берген сырларым, Сүйүүнүн калды бекен убалы? Чыдабай айттырган саламымды, Салкын жел менен… Эркелеп жамгыр келип сүйгөндүр чачыңдан сылай. Кайырма: Сагынба, сагынба, санаага алдырба, Кайрыла албаймын, жалдырап жалынба.
  • Көргөндө көзүм кадалат, Көйкөлүп чачы таралат. Назданат бийкеч, назданат го, Сүйүүм тамшанат. Керилип басканы сулуу Жайкалат го, жүрөк тамшанат. Кайырма: Садагам Лейли, сагынтат мени, Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли. Тумарым Лейли, кумарым Лейли, Кабылдым сага, каралдым Лейли. Сагынамын Лейли, Лейли. Жомоктой мага сезилет, Жүрөгүм ысып эзилет. Керилет бийкеч, керилет го, Жүрөк эргитет, От болуп күйүп эритет го, Жүрөк эргитет. Кайырма: Садагам Лейли, сагынтат мени, Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли. Тумарым Лейли, кумарым Лейли, Кабылдым сага, каралдым Лейли. Чырагымсың Лейли, Лейли.
  • Канатың тарап кечинде, Уяңа конгон кезиңде. Уурданып барып, ак кушум, 2 жолу Уяңдан күтөм кечинде. Койкоюп тосуп төшүңдү, Коюнуңа чакыр өзүмдү. Кор кылбай башка бирөөгө, 2 жолу Колдоп кой менин сөзүмдү. Толкутуп сүйүү деңизин, Куюндай буздуң тегизин. Толкунум согуп турууга, 2 жолу Аска-зоо болчу, эгизим. Эби жок согуп жүрөгүм, Эзилип күндө жүдөдүм. Эстеген сайын өзүңдү, 2 жолу Эсимден танып жүрөмүн.
  • Күтүүдөн күндөр жылбай, Кусадан санаам чыкпай. Кечиктиң, жол караймын, Керемет ыр ырдай. Кайырма: Жайдары басып эй, Жарыгың чачып эй, Жаркыным, жаныма сен келсең. Маанайым ачып эй, Махабат ташып эй, Маралым, сезимге дем берсең. Саамайың көзгө сүйкүм, Сагынып шыңгыр күлкүң. Самадым, күтүп сени, Сары оору болуп бүттүм.
  • Назданып басып, тоготпой бой саласың, Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың. Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар, Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал. Кайырма: Ичтеги сезимди жашырбай айтайын, Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын. Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү, Сага арнайын. Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү, Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү? Кымбатым болуп жашайсың кыялымда, Кылчайып келчи, айланып жыргалыма.
  • Ак жоолук салынган, суйкайып таранган, Эркеси агамдын кыялданган Капкара кашыңдан, өрүлгөн чачыңдан, Кайниңди сүйдүрүп ойго салган. Кайырма: Жеңеке качпачы, сырыңды катпачы, Маралдай керилген жеңекем ай. Агамдын бактысы, үй-бүлө тактысы, Бактылуу болуңуз жеңекем, ай. Кайни деп жүрөсүң, күйдүрүп күлөсүң, Бой жеттим мен дагы үйлөнөмүн. Жеңеке жыл өтүп энеке болуңуз, Узарсын алтындай ак колуңуз. Кайырма: Ырдап турам, жеңе гүлүм сунам, Ак тилегим арнап турам.
  • Сагындым сени, жаным, ардагым, «Сагынбаймын» деп өзүмдү алдаймын. Сагынып канча көргүм келсе да, Сага билгизбей санаа тартамын. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым. Сен дагы мени сагындың бекен? Же мен жөнүндө унуттуң беле? Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү, Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым.
  • Сага деген махабатымды арнадым мен, Жүрөгүмдө сага айта албаган сезимимди. Анан мага ачып ажарыңды, элесиңди, Арбаласың сен, жаным. Өзүң менин тагдырлашым, тапканым сен, Өзгөлөргө жана башкаларга ачылбаган. Жалаң мага чачып жалыныңды, илебиңди, Күн нурундай сен, жаным. Кучагымда сен, гүлзарым, багым, Жүрөгүмдөсүң ар дайым. Кайырма: Жүзүндө жылдыз бар, Жүрөктө чогу бар. Ал сулуу – Аймончок, Тилинде балы бар. Күлкүсүн уксам дейм, Гүлүмдү сунсам дейм. Асманда ай болуп, Ашыгып күтсөм дейм. Сагынычты сага бөлүп, карааныңды издеп, Жаным, сени көрүп, гүл жытыңды искеп. Сагынамын сени, гүлүм, эстеп, Махабатка тойбоймун. Өмүрүмдү өзүң менен өткөрсөмбү бирге, Өкүнүчтө калсам эгер арманым ал менде. Тагдырыма мендик болуп жазса, Бакытым деп ойлоймун. Жүрөгүмдөсүң, махабатым да, Сезимимдесиң жаным, бактым ай.
  • Канча күн өттү, кайрылып келбей, Билбей оюңду. Калбай артыңдан, кадам таштадым, Үзбөй жолумду. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып? Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып? Кайырма: Кеттиң кайда? Оюмдан кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Оюмдан кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Балким, кечиктиң, Маңдайга жазган тагдыр, түшүнгүн. Арзуу, махабат, жетпедим сүйүүгө, Сенсиз өкүндүм. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып? Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып?
  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
  • Бейтааныш бир сулууну, Бир көрүп сүйүп калдым. Айта албай сезимимди, От болуп күйүп-жандым. Кайырма: Кыйнала беремин, кыйнала, Сүйүүмдү айта албай сунулган. Күн сайын издеп келе берем Гүлүмдү сунууга. Уурдана караймын, уурдана, Жүрөктөн сүйөмүн жөн гана. Канткенде сүйүүмдү айта алам, Айдай бир сулууга. Канчалык сүйгөн менен, Айта албай жүрөм бирок, Өрт болуп күйгөн менен, Сүйүүгө алсыз жүрөк. Кайырма:
  • Чайга салып ичип салар Ширин немесиң Мынча сулуу мынча назик Сүйкүм келбетиң Көрүп сени эсим кетти Жүрөк козгодуң Көрбөгөнүм сендей эч бирди Кайырма Көздөрүң го сенин Назик сүйкүм кебиң Кулпурат кулпурат Жаныма бир келип Сүйөм дечи мени Шыбырап шыбырап Күндөн күнгө сага болгон сезим күч алып Көргүм келип сага карай барам гүл алып Терезеңде күттүм сени күүгүм батканча Сенин сүйүүң кайра жашарып
  • Жамгыр төксө ай жүзүңө арбалып, Жүрөм сени ал жамгырдан кызганып. Көк асманда чырайыңа көз артып, Ак булуттар сызып жүрөт суктанып. Кайырма: Сенсиң менин бул жашоодо белегим, Бирге болчу, жалгыз өзүң тилегим. Жүрөгүмдү сен аячы, Азапка эч салбачы. Өмүрүмдү жаным сага арнаймын, Сени сүйгөн жүрөгүмдү аяймын. Бакыт тилеп Жараткандан дайыма, Өзүң менен бир болууну самаймын.
  • Капкара көздөрү, бал ширин сөздөрү, Жомокто жашаган перидей кыз өзү. Жамандык, жалган жок, сезимде кири жок, Жүзүндө нуру бар, журөккө салат чок. Өрүлгөн чачы бар, көзүндө сүйүү бар, Өчпөгөн жылдызбы, өрттөнгөн жалын бар. Ал кызга барсамбы, сырымды ачсамбы. Же сүйүп, суктанып ачылбай калсамбы. Кайырма: Айдагы селки, Ак куудай пери Жомокто жалган Жолуккан ал селки. Ал кызга суктанып, гүл тартып, ыр жазып Ай менен жылдыздан коемун кызганып Өзөндө гүл болсоң жел болуп учамын, Өмүрдө бир болсоң жаямын кучагым Тагдырым туш болсо, табышып алайын, Жамандык, көз тийбес көз мончок тагайын. Бактыңа узун жол, жашооңдо күлүп жүр Бир жигит сүйөт деп, сен мени билип жүр
  • Каректериң менин жүрөгүмдө, Өчпөс болуп сакталат. Кайрылбаган, аттиң, калды күндөр, Эңсеп жүрөк суктанат. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн… Кайырма: Сен кубанычым, Аттиң, эми арман болдуң. Сен сагынычым, Жазган түйшүк, Жалган болдуң. Жолдор бөлүп бизди эки башка, Тагдыр ошол, түшүндүм. Аттиң дедим, сүйүп жалгыз калдым, Өксүп, эми өкүндүм. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн…
  • Билбей кабылдым ай, Жомоктогу кызга. Жандап басып өтсөм, Калды жүрөк сыздай Кайырма: Ачылган кызыл гүлдөйсүң, Азгырып назик сүйлөйсүң. Ашыккан сага жүрөгүм, Айттырбай неге билбейсиң? Сезбей карындаш ай, Кыйнадыңго мени, Кантип багындырам, Жүрөгүңдү сенин?
  • Жазып саламым, катты саламын, Сагынычтан жообуң мен аламын. Ушул турмушум, түйшүк жумушум, Амандыкты, досум, айтып турушум. Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз, Кубанычка баткан күндөрүң жаз. Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт, Сагынычтуу, досум, салам айт. Кайырма: Ак куу кетет, көл калат, Ак канатын булгалап. Мезгил өтсө сагынып, Айдың көлгө кайрылат. Алыс жүргөн адамдар, Аманаттан салам бар. Ак куулардан сагынган, Саламымды айтып бар. Кабар алып тур, катың жазып тур, Жүрөгүңдөн таза чачып нур. Дос деп билемин, аппак тилегим, Ишеничтен бүткөн досум -тирегим. Ыйманыңда бол, досум курдашым, Тагдыр бизди бөлүп кайда бурбасын. Мени эңсеген момуну да бар, Саламыңды алдым жүрөк кубанар. Кайырма: Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз, Кубанычка баткан күндөрүң жаз. Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт, Сагынычтуу, досум, салам айт.
  • Көздөрүң нурун жанып, Жүрөктүн отун жагып, Карагым, кайда кеттиң? Зарыгып сени күтсөм, Сагынтып жүрөктү эздиң. Күлгөнүң шыңгыр булак, Өзүңдө күлгүн курак, Арманга мени салдың. Артыңдан бара албай. Алоолоп күйүп-жандым. Кайырма: Күндөрүм өтөт сенсиз арманда, Көрөмбү, жаным, сени жалганда? Кайдасың, кара көзүм? Кайрылып келчи мага. Берметтей күйүп-жанып, Сөзүңдүн балы тамып, Ээледиң беле жүрөктү? Отурам сени самап, Ортодон далай күн өттү. Дарегиң таппай келем, Дайынын айтпайт белең, Мынча не жанды кыйнадың? Жел менен учуп сага, Жетеби менин ырларым?
  • Карагат көздөрүңдү көргөндө кубанамын, Көңүлүң алсамбы деп, күнүгө убарамын. Кылчайып карап койчу, Көңүлүм оорубасын. Жүзүмдөй эриндериң жүрөгүм арбап алды, Түндөрү уйку бербей, жүдөтүп, ойго салды. Жарыгым, мендик болчу, Жанымды кыйнабачы. Керилип басканыңа көз артып, суктанамын, Башкага ыраа көрбөй, өзүңдү кызганамын. Өкүнтпөй мендик болчу, Өмүрүм сага арнаймын.
  • Махабат санжырам, Бир сага арзыган. Ак сүйүүм сендик, ардагым. Серпилген кыялдай, Сезимди кыя албай. Өзүмдү сага арнадым. Кайырма: Сүйөмүн мен сени, жаным, Сүйгөнүм, мени арбадың. Ардагым, келчи сен мага, Бир болуп, жаным, ар дайым. Уйкусуз түн келди, Өзүңдү эстетип. Айрылдык неге, билбедим? Кайрылтып, сурантып, Кайгыртып, кубантып, Түшүмө неге кирбедиң?
  • Жетелеп канатыңа калкалап, Ээрчитип эне жолун аркалап. Эмизген аппак сүтүң да акталат, Ченебей сени мага бактымда. Чыйралып термеп мени бактың да, Бейишим, эне, таманың астында. Кайырма Талпынып өз колуңда баскамын, Турмуштун ушул жолуна. Термелип улуу сүтүң таткамын, Бешик астында. Уулум деп мээримиңди чачканың, Унутпайм узун жолду басканың, Бейишим бар таман астында. Алыста ак жоолугуң салынып, Балам деп баскан сайын кагылып. Мен жүрөм сенин жытыңды сагынып, Энеке, кечир болсо каталык. Эр жетип сезим менде аталык, Кайрылбайт эми аркага балалык.
  • Туюлган арзуулардай, Алгачкы махабатым, А бирок азыр армандай. Куюндап учкан чаңдай, Кайрылбай бара жатат, Ак сүйүүм менден алыстай. Кайырма: Негедир жүрөгүм эзилгенсийт, Эгизин жоготуп, жалгыз калгандай. Махабат мүрөгүм соолуп баратат, Менин… Буулугуп учкан куштай, Армандан сыздап кеттим, Айта албай, ичимен ыйлай. Эмне үчүн тагдыр кыйнайт, Айрылтып жүрөктөрдү? Бирине-бирин буюрбай.