Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата-эне»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн, Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн. Бирок дүйнө кезип издеп келсем да, Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм. Кайырма: Кайра-кайра карап тойбогон, Карагаттай көзүң ойногон. Карегиңе сенин байланып, Карлыгачым күндө ойлоном. Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң. Кылыктарың мени арбаса, Кантип жаным сени сүйбөйүн. Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң, Гүлдөй назик жансың жаным берметим. Башка жанга сени ыраа көрө албай, Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
  • Бейтааныш бир сулууну, Бир көрүп сүйүп калдым. Айта албай сезимимди, От болуп күйүп-жандым. Кайырма: Кыйнала беремин, кыйнала, Сүйүүмдү айта албай сунулган. Күн сайын издеп келе берем Гүлүмдү сунууга. Уурдана караймын, уурдана, Жүрөктөн сүйөмүн жөн гана. Канткенде сүйүүмдү айта алам, Айдай бир сулууга. Канчалык сүйгөн менен, Айта албай жүрөм бирок, Өрт болуп күйгөн менен, Сүйүүгө алсыз жүрөк. Кайырма:
  • Келбе деп айтасың эркелеп, Кечиктимби билбеймин, кезигүүгө келбедиң. Кеч дебе, күткөнмүн мен деле, Кечиргин, менин жүрөгүмдү эзбе. Кайырма: Күндөр түн жамынса да, Менден көңүл калса да, Жарык берчи жан дүйнөмө, таарынба. Сендей табылбай мага, Жаным, жалынам кайра, Бактылуулук тартуулачы сен мага. Бир сендей табылбайт… Сыр бербей сыздаймын кечтерде, Сагынганым айтармын мен кези келсе. Эркелеп эч кимге бербе деп, Жүргөн күндөр кайра келсин эртелеп. Кайырма: Жалгыз сен, жаныма келчи сен, Жарык берчи күндөрүмө, келчи берчи дем. Таптаза, сезимдер таптаза, Сага болгон махабатым башкача.
  • Аралап баратып сансыз гүлдөрдү, Ачылган бир назик кызыл гүл көрдүм. Аңкыган жытына гүлдүн мас болуп, Азгырылдым, үзбөдүм. Карадым, ойлонуп ойдун тереңин, Кыздарды ал назик гүлгө теңедим. Кызыгып, ал кызды алдап сүйгүчө, Кызылынан сүй деймин. Кайырма: Гүлдөп турган гүлдү үзбө, Кыз аралап миңди сүйбө! Кыздын дагы убалы бар, билгин, Кадырына жетпей, ара жолдо жүрбө! Карагын, ойлонуп кызга тийбегин, Кыздарды асманда айга теңегин. Кыдырып, кыз баркын тепсеп жүргөнчө, Кадырына жет деймин!
  • Алыс калган менде махабатым, Алсыраган жүрөк сыздаганы. Унут мени эми, куса болбой, Элес болуп калган жылмайганың. Кайырма: Жалбарып сага айткан сөздөрүм, Сагынып өткөргөн түндөрүм. Маралым, кайрылбайм арманга, Кыйнабаймын, унут мени! Ардагым, мен сага таарынбаймын, Күтсөң деле мени, сагынбаймын. Муңга толгон жүрөк кыйналганбы, Кайрылбаган сүйүү артта калды.