Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кечир мени»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Келбе деп айтасың эркелеп,
Кечиктимби билбеймин, кезигүүгө келбедиң.
Кеч дебе, күткөнмүн мен деле,
Кечиргин, менин жүрөгүмдү эзбе.
Кайырма:
Күндөр түн жамынса да,
Менден көңүл калса да,
Жарык берчи жан дүйнөмө, таарынба.
Сендей табылбай мага,
Жаным, жалынам кайра,
Бактылуулук тартуулачы сен мага.
Бир сендей табылбайт…
Сыр бербей сыздаймын кечтерде,
Сагынганым айтармын мен кези келсе.
Эркелеп эч кимге бербе деп,
Жүргөн күндөр кайра келсин эртелеп.
Кайырма:
Жалгыз сен, жаныма келчи сен,
Жарык берчи күндөрүмө, келчи берчи дем.
Таптаза, сезимдер таптаза,
Сага болгон махабатым башкача.

Другие песни исполнителя:

  • Аралап баратып сансыз гүлдөрдү, Ачылган бир назик кызыл гүл көрдүм. Аңкыган жытына гүлдүн мас болуп, Азгырылдым, үзбөдүм. Карадым, ойлонуп ойдун тереңин, Кыздарды ал назик гүлгө теңедим. Кызыгып, ал кызды алдап сүйгүчө, Кызылынан сүй деймин. Кайырма: Гүлдөп турган гүлдү үзбө, Кыз аралап миңди сүйбө! Кыздын дагы убалы бар, билгин, Кадырына жетпей, ара жолдо жүрбө! Карагын, ойлонуп кызга тийбегин, Кыздарды асманда айга теңегин. Кыдырып, кыз баркын тепсеп жүргөнчө, Кадырына жет деймин!
  • Каректериң менин жүрөгүмдө, Өчпөс болуп сакталат. Кайрылбаган, аттиң, калды күндөр, Эңсеп жүрөк суктанат. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн… Кайырма: Сен кубанычым, Аттиң, эми арман болдуң. Сен сагынычым, Жазган түйшүк, Жалган болдуң. Жолдор бөлүп бизди эки башка, Тагдыр ошол, түшүндүм. Аттиң дедим, сүйүп жалгыз калдым, Өксүп, эми өкүндүм. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн…
  • Назданып басып, тоготпой бой саласың, Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың. Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар, Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал. Кайырма: Ичтеги сезимди жашырбай айтайын, Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын. Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү, Сага арнайын. Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү, Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү? Кымбатым болуп жашайсың кыялымда, Кылчайып келчи, айланып жыргалыма.
  • Бейтааныш бир сулууну, Бир көрүп сүйүп калдым. Айта албай сезимимди, От болуп күйүп-жандым. Кайырма: Кыйнала беремин, кыйнала, Сүйүүмдү айта албай сунулган. Күн сайын издеп келе берем Гүлүмдү сунууга. Уурдана караймын, уурдана, Жүрөктөн сүйөмүн жөн гана. Канткенде сүйүүмдү айта алам, Айдай бир сулууга. Канчалык сүйгөн менен, Айта албай жүрөм бирок, Өрт болуп күйгөн менен, Сүйүүгө алсыз жүрөк. Кайырма: