Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сулууга»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бейтааныш бир сулууну,
Бир көрүп сүйүп калдым.
Айта албай сезимимди,
От болуп күйүп-жандым.
Кайырма:
Кыйнала беремин, кыйнала,
Сүйүүмдү айта албай сунулган.
Күн сайын издеп келе берем
Гүлүмдү сунууга.
Уурдана караймын, уурдана,
Жүрөктөн сүйөмүн жөн гана.
Канткенде сүйүүмдү айта алам,
Айдай бир сулууга.
Канчалык сүйгөн менен,
Айта албай жүрөм бирок,
Өрт болуп күйгөн менен,
Сүйүүгө алсыз жүрөк.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени ар дайым. Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле, Көргүм келип мен өзүңдү. Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет, Уксам дейм сенин сөзүңдү. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Элесиңе мен зар болуп. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өзүңсүз дүйнө тар болуп. Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым. Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим, Таба алсамчы бир айла. Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Өрт болуп сенсиз бул аалам. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өксүтпөй келчи, суранам! Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым.