Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынамын сени»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени ар дайым.
Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле,
Көргүм келип мен өзүңдү.
Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет,
Уксам дейм сенин сөзүңдү.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Элесиңе мен зар болуп.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өзүңсүз дүйнө тар болуп.
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.
Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим,
Таба алсамчы бир айла.
Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Өрт болуп сенсиз бул аалам.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өксүтпөй келчи, суранам!
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.

Другие песни исполнителя:

  • Садагам менин сагындырган эркем, Сендей жашабайт, жок ааламда. Күндө мага жүрөсүң эркелеп Калтырбаймын бил, сени арманга. Күндөрүм өтөт сүйүүм күчөйт, Бакыт берген кереметим. Жылдар да өтөт жашоом гүлдөйт, Буйруганым менин. Кайырма: Асылзатым, сен махабатым Алоолонгон сүйүүмдүн ээси жаным. Аруузатым, тапкан менин бактым, Жүрөгүмдө өзүң жашайсың ашыгым. Таңдагы нур өзгөчө керемет, Өзүң болсоң жандап жанымда. Кыялдарга жетели эртелеп Сүйүүбүздү айтып ааламга. Күндөрүм өтөт, сүйүүм күчөйт, Бакыт берген кереметим. Жылдар да өтөт, жашоом гүлдөйт, Буйруганым менин.
  • Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Сенин барың өмүргө кубат берет, Сени эстесем көңүлгө кубанч келет. Турмушумду бөксөртпөй көктөп турчу, Сен жашоого көрк берген чынар терек. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.
  • Бейтааныш бир сулууну, Бир көрүп сүйүп калдым. Айта албай сезимимди, От болуп күйүп-жандым. Кайырма: Кыйнала беремин, кыйнала, Сүйүүмдү айта албай сунулган. Күн сайын издеп келе берем Гүлүмдү сунууга. Уурдана караймын, уурдана, Жүрөктөн сүйөмүн жөн гана. Канткенде сүйүүмдү айта алам, Айдай бир сулууга. Канчалык сүйгөн менен, Айта албай жүрөм бирок, Өрт болуп күйгөн менен, Сүйүүгө алсыз жүрөк. Кайырма:
  • Табияттан туң ирет, туңгуюктамын тушалгандай, Тагдырымды ким билет, таамай талдуу бир муш алгандай. Тизе бүгө бүк түштүм алсыраймын, кансырагандай, Жарадармын жүрөктөн жарым жанымдан сурагандай. Кайырма: Жалынам жанымдан кайтарып берчи, Сур булуттун арасында сенсиз адашкам. Жалынам, жанымдан кечиргин мени, Бейкүнөө эт жүрөгүмдү кайтарып берчи. Кубаладың кусалыкты, куру кыял чуу салдыкпы кайра, Душман кылдың жан дүйнөмдү, туштап соккон кан жүрөктү жайлап Тамырымдын согушунан сездим сезим адашканын сага Жаңы ырымдын добушунан туйсаң болду жадаганым жана.