Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин кереметим»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Садагам менин сагындырган эркем,
Сендей жашабайт, жок ааламда.
Күндө мага жүрөсүң эркелеп
Калтырбаймын бил, сени арманга.
Күндөрүм өтөт сүйүүм күчөйт,
Бакыт берген кереметим.
Жылдар да өтөт жашоом гүлдөйт,
Буйруганым менин.
Кайырма:
Асылзатым, сен махабатым
Алоолонгон сүйүүмдүн ээси жаным.
Аруузатым, тапкан менин бактым,
Жүрөгүмдө өзүң жашайсың ашыгым.
Таңдагы нур өзгөчө керемет,
Өзүң болсоң жандап жанымда.
Кыялдарга жетели эртелеп
Сүйүүбүздү айтып ааламга.
Күндөрүм өтөт, сүйүүм күчөйт,
Бакыт берген кереметим.
Жылдар да өтөт, жашоом гүлдөйт,
Буйруганым менин.

Другие песни исполнителя:

  • Кызгандырган жүз жандырган Жүрөк тынчыбай Кыйнайт эгип жанды чынчылай Таттуусун ай каттуусун ай кандайсын кандай Ал махабат жообун бардай Ашык болбой өтсөк өмүрдө Гүлдөп не сүрдөп не Бир кеминде өтсөк дүнүйө Неге сага сүйүү оңой Жүрөктөр да бирдей болбой Адамзатты сүйгөн бир кудай Байкабайбыз баш чайкайбыз Байкабаган биз кандайбыз Көз салып калкып жандайбыз Оңго солго караба Махабатты баала Сүйгөн жандан жаңылба Сен жаңылба Туура туура жалында Ашык жаның баарында Кайгы муунга салынба Сен жалында
  • Апамдын жумшак ак колу, Алдейлеп уктаткан көп жолу. Кайрылбас күндөргө жетелеген, Апапак жоолугу. Мээримдүүм, берекем апакем, Каталык кетирсем кечирген. Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн, Эч качан ооруба сен. Кайырма: Апакем, алтыным, картайба, Кабатыр болуп сен кайгырба. Жашоомо жылуулук берерим, Бар болгун сен бактыма. Дайыма төрүмдө сый көрүп, Балаңа туура жол көрсөтүп. Небере-чебере жетелеп сен, Далайга жаша күлүп. Эркелеп дагы эле мен турам, Жүрөктөн чыккан ыр сунам. Алыстасам мени сагынарым, Жолумду карап улам.
  • Түнү бою уктабастан ойго батам, Көз ирмебей сен жөнүндө ойлоп жатам. Кете бердиң кайрылбай, Жок сүйүүгө арбалып, Калдым мен жалгыз, күн өтөт сансыз, Жок үмүткө алданып, ардагым. Кайырма: Жашаймын жан дүйнөм ооруп, Сагыныч жүрөккө толуп, Көңүлүм ачылбаган муздак түн болуп. Күндөрүм күнгө окшошпой, Күттүрүп кеттиң коштошпой, Саргайып жүрөгүмдө толду арманым. Сенин эми жүрөгүңдө башка адам, билем, Билсем дагы мен баары бир өзүңдү эңсейм. Жашоомдун кызыгы белең, Сүйүүмдүн жылдызы элең. Түшүнбөйм, жаным, Ишенбейм, жаным, Кеткениңе адашып.
  • Канча күн өттү кайрылып келбей, Билбей оюңду. Калбай артыңдан, кадам таштадым, Үзбөй жолумду. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып. Кайырма: Кеттиң кайда? Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Балким, кечиктиң, Маңдайга жазган тагдыр түшүнгүн. Арзуу махабат, жетпедим сүйүүгө, Сенсиз өкүндүм. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып.