Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бар бол апаке»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Апамдын жумшак ак колу,
Алдейлеп уктаткан көп жолу.
Кайрылбас күндөргө жетелеген,
Апапак жоолугу.
Мээримдүүм, берекем апакем,
Каталык кетирсем кечирген.
Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн,
Эч качан ооруба сен.
Кайырма:
Апакем, алтыным, картайба,
Кабатыр болуп сен кайгырба.
Жашоомо жылуулук берерим,
Бар болгун сен бактыма.
Дайыма төрүмдө сый көрүп,
Балаңа туура жол көрсөтүп.
Небере-чебере жетелеп сен,
Далайга жаша күлүп.
Эркелеп дагы эле мен турам,
Жүрөктөн чыккан ыр сунам.
Алыстасам мени сагынарым,
Жолумду карап улам.

Другие песни исполнителя:

  • Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды. Ыйлабайын.
  • Айдайым, асылым, махабатым менин, Калгандай ортодо өчүп ыйык сезим. Таарынбачы тагдырыңа, Түшүнөмүн сенин арманыңа. Кайгырбачы жазыгыңа, Жолугарсың өз бактыңа. Кайырма: Асылым, ай, алмашкыс асман, айым, ай, Аткан таңым, ай, ай чырайым, ай. Сагынарым, ай, кол жеткис асман, жылдызым, ай, Жашап келесиң сезимимде. Жанымдай жактыргам жалжалым жалгыз сени, Айрылбай жүрсөк деп үмүт күткөн сени. Таарынбачы тагдырыңа, Түшүнөмүн сенин арманыңа. Кайгырбачы жазыгыңа, Жолугарсың өз бактыңа.
  • Капкара көздөрү, бал ширин сөздөрү, Жомокто жашаган перидей кыз өзү. Жамандык, жалган жок, сезимде кири жок, Жүзүндө нуру бар, журөккө салат чок. Өрүлгөн чачы бар, көзүндө сүйүү бар, Өчпөгөн жылдызбы, өрттөнгөн жалын бар. Ал кызга барсамбы, сырымды ачсамбы. Же сүйүп, суктанып ачылбай калсамбы. Кайырма: Айдагы селки, Ак куудай пери Жомокто жалган Жолуккан ал селки. Ал кызга суктанып, гүл тартып, ыр жазып Ай менен жылдыздан коемун кызганып Өзөндө гүл болсоң жел болуп учамын, Өмүрдө бир болсоң жаямын кучагым Тагдырым туш болсо, табышып алайын, Жамандык, көз тийбес көз мончок тагайын. Бактыңа узун жол, жашооңдо күлүп жүр Бир жигит сүйөт деп, сен мени билип жүр
  • Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Сенин барың өмүргө кубат берет, Сени эстесем көңүлгө кубанч келет. Турмушумду бөксөртпөй көктөп турчу, Сен жашоого көрк берген чынар терек. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.
  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, «Окуучулук өмүрүм» деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап турганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим, агайым, Кеч болсо да рахматым айтайын.