Казахские песни Узбекские песни

Песня «Адашкан суйуу»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айдайым, асылым, махабатым менин,
Калгандай ортодо өчүп ыйык сезим.
Таарынбачы тагдырыңа,
Түшүнөмүн сенин арманыңа.
Кайгырбачы жазыгыңа,
Жолугарсың өз бактыңа.
Кайырма:
Асылым, ай, алмашкыс асман, айым, ай,
Аткан таңым, ай, ай чырайым, ай.
Сагынарым, ай, кол жеткис асман, жылдызым, ай,
Жашап келесиң сезимимде.
Жанымдай жактыргам жалжалым жалгыз сени,
Айрылбай жүрсөк деп үмүт күткөн сени.
Таарынбачы тагдырыңа,
Түшүнөмүн сенин арманыңа.
Кайгырбачы жазыгыңа,
Жолугарсың өз бактыңа.

Другие песни исполнителя:

  • Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды
  • Санаадан арыламын, садагам көрсөм сени, Жүзүңө тойбой келет, жүрөгүм көптөн бери. Ачылып жаз гүлүндөй, айтпачы өткөндү эми, Бийикке калкып турам, бир жолу өпсөм сени. Кайырма: Сен, сезимдин барган, сересин кыйнабагын, Мен көтөрө албайм, жүрөктүн ыйлаганын, Бир себебин мага айтпастан таарынсаң да, Билемин мени кызганарың, жаным. Кагылып турсаң дагы, кантейин сүйүү экен, Карайлап көздөрүңө, кадалдым гүлүм бекем Кабарсыз кеткениңде кайгыдан түнүм нечен, Ишенип тыңда жаным, өзүңдү сүйөм десем.
  • Билбей кабылдым ай, Жомоктогу кызга. Жандап басып өтсөм, Калды жүрөк сыздай Кайырма: Ачылган кызыл гүлдөйсүң, Азгырып назик сүйлөйсүң. Ашыккан сага жүрөгүм, Айттырбай неге билбейсиң? Сезбей карындаш ай, Кыйнадыңго мени, Кантип багындырам, Жүрөгүңдү сенин?