Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алыс кетпе»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгызмын караңгы түндө,
Жүрөмүн батып күйүткө.
Күндөрүм улана берет,
Кол сунуп бактылуу күнгө.
Жарык, кетпе,
Үмүт, таштаба, суранам,
Кайгырбайын.
Билбеймин кантип байландым,
Турмуштан неге чайналдым?
Болду эми ал күндөр бүттү,
Артыма мен кайрылбайын.
Алыс кетпе,
Жарык, таштаба, суранам.
Сыздабайын.
Жаңылдым, эми өкүнбөйм,
Келет деп таңдарды күтпөйм.
Алданып калган сезимге,
Баш ийип кайра өкүнбөйм.
Кайтып келбе,
Козгобой эски жарамды

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Айрылбай дайым бир болом дегем, Алдатпай ак сүйүүм арнап келгем. Түшүнбөйм, эмне үчүн адашып кеттиң? Алыстап менден… Унутпайм, жаным, күтөмүн деген сөзүңдү эстейм. Кайырма: Сагынба, сагынба, санаага алдырба, Кайрыла албаймын, жалдырап жалынба. Жамгырга айтып берген сырларым, Сүйүүнүн калды бекен убалы? Чыдабай айттырган саламымды, Салкын жел менен… Эркелеп жамгыр келип сүйгөндүр чачыңдан сылай. Кайырма: Сагынба, сагынба, санаага алдырба, Кайрыла албаймын, жалдырап жалынба.
  • Акырын шилтеп кадамды, Бакытка бөлөп ааламды. Эркелеп мага чуркашса, Унутам баардык капамды. Балдарым менин байлыгым, Бакытыма тийген жарыгым. Чоңоё берсин, аман соо, Колдосун дайым, Кудайым. Кайырма: Асыл данегим, көңүл эрмегим Секет болоюн, балдарым Өмүр белегим, үмүт, тилегим Силер үчүн, жашаймын. Медерим болчу балдарым, Мекенге тийсин жардамың. Атанын уулу дегизген, Ардактуу атка жарагың. Эр жигит болуп чоңоюп, Керектүү ишке жарагың. Акталса эгер үмүтүм, Болбостур, менин арманым.
  • Сагынычтан жүрөк эзилип, Кыйнап сезимди, унута албадым. Күндөрүмдү санап күтөмүн, Издеп жүрөмүн, жолуга албадым, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып. Абалымды сезип, түшүнбөй, Эзип кыйнадың, сыздап туйладың, Алсырадым аябадың го, Салып арманга, чексиз жалганга, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып.