Казахские песни Узбекские песни

Песня «Азап»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сагынычтан жүрөк эзилип,
Кыйнап сезимди, унута албадым.
Күндөрүмдү санап күтөмүн,
Издеп жүрөмүн, жолуга албадым,
Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн.
Сени сүйөмүн,
Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм.
Кайырма:
Сагынычка багынып, кыйналып,
Калдым сызга малынып.
Азаптарга кабылып,
Муздак түндү жамынып.
Абалымды сезип, түшүнбөй,
Эзип кыйнадың, сыздап туйладың,
Алсырадым аябадың го,
Салып арманга, чексиз жалганга,
Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн.
Сени сүйөмүн,
Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм.
Кайырма:
Сагынычка багынып, кыйналып,
Калдым сызга малынып.
Азаптарга кабылып,
Муздак түндү жамынып.

Другие песни исполнителя:

  • Убада берип, түбөлүккө ошол сүйүүң, Унутуп кетээр жалган сендик сезимди. Өзгөрүп барат, мага болгон махабатың, Өзгөгө мени, жүрөгүңдү бердиңби? Кайырма: Кое берип мени, унутууга сени Жардам берчи… Болсо эгер чеги, бул азаптын деги, Айла берчи… Убакыт кезип кусалыктын кучагына, Унутар сени, күндөрүм келээр жаным. Сагыныч бүтүп, көңүл эркиндик сезгенде, Бир өтүнүчүм, козгобо кайра баарын.
  • Жараткан эгем, суранам сенден, Жашасын менин досторум эсен. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, Досторум мага, түбөлүк керек. Кайырма: Тагдырга кейип, кайгырба досум, Кудайга шүгүр, келтиргин досум. Ата-энеңдин, батасын алып, Бактылуу болуп, жашагын досум Кайырма: Кудайым сени, колдосо экен, Жолуңду дайым, оңдосо экен. Кааларым сага, айтарым сага, Жашооңдо кайгы, болбосо экен. Кайырма: Кыйналган кезде, жардамын бергин, Достордун дайым, кадырын билгин. Жакшылык кундо, жадырап жайнап, Сыйлашып дайым жургуло деймин.
  • Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды. Ыйлабайын.