Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алыс кетпе сен»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгызмын караңгы түндө,
Жүрөмүн батып күйүткө.
Күндөрүм улана берет,
Кол сунуп бактылуу күнгө.
Жарык, кетпе,
Үмүт, таштаба, суранам,
Кайгырбайын.
Билбеймин кантип байландым,
Турмуштан неге чайналдым?
Болду эми ал күндөр бүттү,
Артыма мен кайрылбайын.
Алыс кетпе,
Жарык, таштаба, суранам.
Сыздабайын.
Жаңылдым, эми өкүнбөйм,
Келет деп таңдарды күтпөйм.
Алданып калган сезимге,
Баш ийип кайра өкүнбөйм.
Кайтып келбе,
Козгобой эски жарамды.
Ыйлабайын.

Другие песни исполнителя:

  • Кубулуп, нурга бөлөнүп, Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп. Түгөнбөс сүйүү кайгысын, Түбүнө алган чөгөрүп. Көл үстү муңдуу шыбырап, Айткандай сырды туюлат. Арманда ыйлап бараткан, Ак Мөөрдүн үнү угулат. Канаты кандан кайрылган, Кан кусуп, катуу кайгырган… Элеси келет Болоттун, Ак Мөөрдөн анда айрылган. Өксүгөн өмүр кез келип, Өткөндү бүгүн эскерип. Сүрөтүн сактап сулуунун, Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.
  • Назданып басып, тоготпой бой саласың, Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың. Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар, Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал. Кайырма: Ичтеги сезимди жашырбай айтайын, Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын. Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү, Сага арнайын. Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү, Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү? Кымбатым болуп жашайсың кыялымда, Кыялбай сени, айланып жыргалыма.
  • Аппак сүтүн энекемдин мен, кантип актайм? Карбаластап берекемдин жытын таптайм. Балалыгымды, кубанычымды, Жүрөгүмдөгү сагынычымды, Энекебайым кайтарып берчи, суранычымды. Кайырма: Балалыгым айла барбы, Колум жеткис жайда калды. Аттиң артта балдай таттуу, Кайталангыс күнүм калды. Канат жайып турмуш жолунда, зымырап барам, Өкүнүчтө балалыгымдын эшигин жабам. Аластап салган, алтын энемдин, Алдейи жаткан арча бешигим. Терметип келем, термелип келем, жашоо бешигин. Кайырма: Аластап салган, алтын энемдин, Алдейи жаткан арча бешигим. Элестеп келем, термелип келем, жашоо бешигин.