Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сон-кол»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.
Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап бараткан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.
Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган…
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.
Өксүгөн өмүр кез келип,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап сулуунун,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.

Другие песни исполнителя:

  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
  • Кадамды шилтей алыстарга, Учам жарыктарга. Талашып бербей багыттарга, Кетем жарыктарга. Кайырма: Багыттарым алдаба, Барам алдыга, Мени тагдыр жолго таштаба, Кадамдарым алдыга, Артымда калба. Жан дүйнөмдөн жарыштан калба. Адашат билбей сапарларда, Түшүп катарларга. Өкүнүп келбей Жаратканга, Учуп баратканда. Кайырма:
  • Келбе деп айтасың эркелеп, Кечиктимби билбеймин, кезигүүгө келбедиң. Кеч дебе, күткөнмүн мен деле, Кечиргин, менин жүрөгүмдү эзбе. Кайырма: Күндөр түн жамынса да, Менден көңүл калса да, Жарык берчи жан дүйнөмө, таарынба. Сендей табылбай мага, Жаным, жалынам кайра, Бактылуулук тартуулачы сен мага. Бир сендей табылбайт… Сыр бербей сыздаймын кечтерде, Сагынганым айтармын мен кези келсе. Эркелеп эч кимге бербе деп, Жүргөн күндөр кайра келсин эртелеп. Кайырма: Жалгыз сен, жаныма келчи сен, Жарык берчи күндөрүмө, келчи берчи дем. Таптаза, сезимдер таптаза, Сага болгон махабатым башкача.
  • Убагында барктабай, Жалгызымдан айрылдым, Жаштык кылып алдымбы? Адашып калдым… Эми болсо мен тунгуюктамын, Жүрөгум ай бир эзилип. Кайырма: Жүрөгум сыздап ыйлап турса дагы да, Башка жанды ойлоп турсам да, Аргасыздан баш ийемин тагдырга… Балким сүйүү жаралат, Үмут менен жашасам, Бирок атин кантейин кыйналып турам, Жараткандан эми бакыт сураймын, Калсам мен дагы кечирип.
  • Жамгыр болуп, жаз болуп, Жан дүйнөмө нур болуп. Булактай таза, буюруп мага. Кылыктанып, назданып, Күлсөң жүрөм кызганып, Сени башкадан. Сүйүп, тамшанам. Кайырма: Жылдызың учкун болуп, Түндө учуп көрүнгөн. Жылмайсаң жүзүң айдай, Назик күлкүң төгүлгөн. Жаныңдан калбайын, Санаага салбайын. Сагынам ар дайым. Тапкан сүйүүм, ардагым, Тандап гүлүм арнадым, Жүрөктөн сага, өзүңө гана. Санап күндү, келсе дейм, Сагынганым билсе дейм, Убара тартам, уйкуман кача.