Казахские песни Узбекские песни

Песня «Багыттар»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кадамды шилтей алыстарга,
Учам жарыктарга.
Талашып бербей багыттарга,
Кетем жарыктарга.
Кайырма:
Багыттарым алдаба,
Барам алдыга,
Мени тагдыр жолго таштаба,
Кадамдарым алдыга,
Артымда калба.
Жан дүйнөмдөн жарыштан калба.
Адашат билбей сапарларда,
Түшүп катарларга.
Өкүнүп келбей Жаратканга,
Учуп баратканда.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Билбей кабылдым ай, Жомоктогу кызга. Жандап басып өтсөм, Калды жүрөк сыздай Кайырма: Ачылган кызыл гүлдөйсүң, Азгырып назик сүйлөйсүң. Ашыккан сага жүрөгүм, Айттырбай неге билбейсиң? Сезбей карындаш ай, Кыйнадыңго мени, Кантип багындырам, Жүрөгүңдү сенин?
  • Махабат санжырам, Бир сага арзыган. Ак сүйүүм сендик, ардагым. Серпилген кыялдай, Сезимди кыя албай. Өзүмдү сага арнадым. Кайырма: Сүйөмүн мен сени, жаным, Сүйгөнүм, мени арбадың. Ардагым, келчи сен мага, Бир болуп, жаным, ар дайым. Уйкусуз түн келди, Өзүңдү эстетип. Айрылдык неге, билбедим? Кайрылтып, сурантып, Кайгыртып, кубантып, Түшүмө неге кирбедиң?
  • Келбе деп айтасың эркелеп, Кечиктимби билбеймин, кезигүүгө келбедиң. Кеч дебе, күткөнмүн мен деле, Кечиргин, менин жүрөгүмдү эзбе. Кайырма: Күндөр түн жамынса да, Менден көңүл калса да, Жарык берчи жан дүйнөмө, таарынба. Сендей табылбай мага, Жаным, жалынам кайра, Бактылуулук тартуулачы сен мага. Бир сендей табылбайт… Сыр бербей сыздаймын кечтерде, Сагынганым айтармын мен кези келсе. Эркелеп эч кимге бербе деп, Жүргөн күндөр кайра келсин эртелеп. Кайырма: Жалгыз сен, жаныма келчи сен, Жарык берчи күндөрүмө, келчи берчи дем. Таптаза, сезимдер таптаза, Сага болгон махабатым башкача.
  • Сагынычтан жүрөк эзилип, Кыйнап сезимди, унута албадым. Күндөрүмдү санап күтөмүн, Издеп жүрөмүн, жолуга албадым, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып. Абалымды сезип, түшүнбөй, Эзип кыйнадың, сыздап туйладың, Алсырадым аябадың го, Салып арманга, чексиз жалганга, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып.