Казахские песни Узбекские песни

Песня «Элегия»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Махабат санжырам,
Бир сага арзыган.
Ак сүйүүм сендик, ардагым.
Серпилген кыялдай,
Сезимди кыя албай.
Өзүмдү сага арнадым.
Кайырма:
Сүйөмүн мен сени, жаным,
Сүйгөнүм, мени арбадың.
Ардагым, келчи сен мага,
Бир болуп, жаным, ар дайым.
Уйкусуз түн келди,
Өзүңдү эстетип.
Айрылдык неге, билбедим?
Кайрылтып, сурантып,
Кайгыртып, кубантып,
Түшүмө неге кирбедиң?

Другие песни исполнителя:

  • Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын, Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы. Эркелетип, карегиңе толбосом да, Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын. Кечир эми жалыныпмын таңым, багым, Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын. Эркелетип эриниңден өппөсөм да, Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын. Кайырма: Амансыңбы, сүйгөнүм? Ачуу жашым, күйгөнүм. Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн. Мейли сүйбө менчелик, Түшүнөрсүң кез келип, Бирге өткөн күндөрдү эскерип. Ичте калсын арманым да , махабатым, Издерибиз өткөн эми санаалашым. Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү Ыраазымын бир өзүмү жазаласын. Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен, Бактысыздык далай сени эзди билем. Акым дагы калбагандай сагынууга, Айыбымды тан алганым кечтигинен.
  • Жетелеп канатыңа калкалап, Ээрчитип эне жолун аркалап. Эмизген аппак сүтүң да акталат, Ченебей сени мага бактымда. Чыйралып термеп мени бактың да, Бейишим, эне, таманың астында. Кайырма Талпынып өз колуңда баскамын, Турмуштун ушул жолуна. Термелип улуу сүтүң таткамын, Бешик астында. Уулум деп мээримиңди чачканың, Унутпайм узун жолду басканың, Бейишим бар таман астында. Алыста ак жоолугуң салынып, Балам деп баскан сайын кагылып. Мен жүрөм сенин жытыңды сагынып, Энеке, кечир болсо каталык. Эр жетип сезим менде аталык, Кайрылбайт эми аркага балалык.