Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балдарыма»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Акырын шилтеп кадамды,
Бакытка бөлөп ааламды.
Эркелеп мага чуркашса,
Унутам баардык капамды.
Балдарым менин байлыгым,
Бакытыма тийген жарыгым.
Чоңоё берсин, аман соо,
Колдосун дайым, Кудайым.
Кайырма:
Асыл данегим, көңүл эрмегим
Секет болоюн, балдарым
Өмүр белегим, үмүт, тилегим
Силер үчүн, жашаймын.
Медерим болчу балдарым,
Мекенге тийсин жардамың.
Атанын уулу дегизген,
Ардактуу атка жарагың.
Эр жигит болуп чоңоюп,
Керектүү ишке жарагың.
Акталса эгер үмүтүм,
Болбостур, менин арманым.

Другие песни исполнителя:

  • Көздөрүң нурун жанып, Жүрөктүн отун жагып, Карагым, кайда кеттиң? Зарыгып сени күтсөм, Сагынтып жүрөктү эздиң. Күлгөнүң шыңгыр булак, Өзүңдө күлгүн курак, Арманга мени салдың. Артыңдан бара албай. Алоолоп күйүп-жандым. Кайырма: Күндөрүм өтөт сенсиз арманда, Көрөмбү, жаным, сени жалганда? Кайдасың, кара көзүм? Кайрылып келчи мага. Берметтей күйүп-жанып, Сөзүңдүн балы тамып, Ээледиң беле жүрөктү? Отурам сени самап, Ортодон далай күн өттү. Дарегиң таппай келем, Дайынын айтпайт белең, Мынча не жанды кыйнадың? Жел менен учуп сага, Жетеби менин ырларым?
  • Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн, Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн. Бирок дүйнө кезип издеп келсем да, Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм. Кайырма: Кайра-кайра карап тойбогон, Карагаттай көзүң ойногон. Карегиңе сенин байланып, Карлыгачым күндө ойлоном. Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң. Кылыктарың мени арбаса, Кантип жаным сени сүйбөйүн. Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң, Гүлдөй назик жансың жаным берметим. Башка жанга сени ыраа көрө албай, Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
  • Алыстабай карааныңдан, Айдай тунук жамалыңа суктана берем. Ак сүйүүмдүн барагына, Тагдыр сени белек кылып жазган беле. Ортобузда махабаттын, Алоолонуп оту жансын, бизге дайым. Алыстарга канат кагып, Таталычы сүйүү балын бирге жаным. Жараткандан суранарым, Айрыбасын суйүүбүздү, жаным эркем. Жалгызымсың жандай көргөн, Жыргалымсың жүрөк сүйгөн, жан берекем. Ортобузда махабаттын, Алоолонуп оту жансын, бизге дайым. Алыстарга канат кагып, Таталычы сүйүү балын бирге жаным
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Жаралып ай нурунан. Жамалың тунук суудан, Көргөн жан арзуу кылган. Тандалып жылдыздардан, Таң шооладай нур чачкан. Тагдырым болдуң жазган. Кайырма: Сен ак сүйүүмдүн жарчысы, Жүрөгүмө дем берген, Шүдүрүмдүн тамчысы. Эңседим издеп таптым, Энчилеп сени бактым, Эргүүнүн балын таттым. Суусадым сугум арттым, Сүйүүңө тойбой жаттым, Сен болуп чексиз бактым