Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайра кайра»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.
Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң,
Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.
Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.

Другие песни исполнителя:

  • Капыстан кезиктим, билбеймин берилдим, Көзүм түштү бир кызга, Ак куудай керилип, бийлейт го берилип. Таңыркап баары карашып. Бийчи кыз карындаш, Бийлейли бери бас. Кайырма: Эй, карындаш, тартынбай чимирилчи, Кел, карындаш, жүрөккө чокту салчы. Оу, карындаш, сүйүүнүн отун жакчы, Уялбай бийле, кара каш. Кылчактап карайсың, ансайын самаймын, Чимирилип бийлейсиң. Көздөрүң нур чачып, жүзүңдөн от жанып, Турамын таштай катып. Бийчи кыз карындаш, Бийлейли бери бас.
  • Түнү бою уктабастан ойго батам, Көз ирмебей сен жөнүндө ойлоп жатам. Кете бердиң кайрылбай, Жок сүйүүгө арбалып, Калдым мен жалгыз, күн өтөт сансыз, Жок үмүткө алданып, ардагым. Кайырма: Жашаймын жан дүйнөм ооруп, Сагыныч жүрөккө толуп, Көңүлүм ачылбаган муздак түн болуп. Күндөрүм күнгө окшошпой, Күттүрүп кеттиң коштошпой, Саргайып жүрөгүмдө толду арманым. Сенин эми жүрөгүңдө башка адам, билем, Билсем дагы мен баары бир өзүңдү эңсейм. Жашоомдун кызыгы белең, Сүйүүмдүн жылдызы элең. Түшүнбөйм, жаным, Ишенбейм, жаным, Кеткениңе адашып.
  • Ашыгым келчи жаныма Сен деген сезим багымда Билемин келбейт экениң Келем деген убада Айтасыз баарын элге эле Таарынам кээде эркелеп Өмүрдө сүйүп арнаган Жүрөгүмдү сизге эле Кайырма Жазба дейбиз чалба дейбиз Бир бирибизге эркелеп Бактыбызга багыбызга Сен бар жашоо керемет Жагымдуу сонун мүнөзүң Биринчи жазды күтөсүң Жолуккан ар бир учурда Кылыктанып күлөсүң Сезимдер тунук деңиздей Сүйүүгө келдик кечикпей Сагыныч тоодой а бирок Бир бирибизге билгизбей
  • Кадамды шилтей алыстарга, Учам жарыктарга. Талашып бербей багыттарга, Кетем жарыктарга. Кайырма: Багыттарым алдаба, Барам алдыга, Мени тагдыр жолго таштаба, Кадамдарым алдыга, Артымда калба. Жан дүйнөмдөн жарыштан калба. Адашат билбей сапарларда, Түшүп катарларга. Өкүнүп келбей Жаратканга, Учуп баратканда. Кайырма: