Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен бар жашо керемет»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ашыгым келчи жаныма

Сен деген сезим багымда

Билемин келбейт экениң

Келем деген убада

Айтасыз баарын элге эле

Таарынам кээде эркелеп

Өмүрдө сүйүп арнаган

Жүрөгүмдү сизге эле

Кайырма

Жазба дейбиз чалба дейбиз

Бир бирибизге эркелеп

Бактыбызга багыбызга

Сен бар жашоо керемет

Жагымдуу сонун мүнөзүң

Биринчи жазды күтөсүң

Жолуккан ар бир учурда

Кылыктанып күлөсүң

Сезимдер тунук деңиздей

Сүйүүгө келдик кечикпей

Сагыныч тоодой а бирок

Бир бирибизге билгизбей

Другие песни исполнителя:

  • Каректериң менин жүрөгүмдө, Өчпөс болуп сакталат. Кайрылбаган, аттиң, калды күндөр, Эңсеп жүрөк суктанат. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн… Кайырма: Сен кубанычым, Аттиң, эми арман болдуң. Сен сагынычым, Жазган түйшүк, Жалган болдуң. Жолдор бөлүп бизди эки башка, Тагдыр ошол, түшүндүм. Аттиң дедим, сүйүп жалгыз калдым, Өксүп, эми өкүндүм. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн…
  • Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени ар дайым. Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле, Көргүм келип мен өзүңдү. Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет, Уксам дейм сенин сөзүңдү. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Элесиңе мен зар болуп. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өзүңсүз дүйнө тар болуп. Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым. Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим, Таба алсамчы бир айла. Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Өрт болуп сенсиз бул аалам. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өксүтпөй келчи, суранам! Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым.
  • Аярым ак жүзүңдөн, Мен сүйүп эңсегем. Ак булутка окшоп учуп сага жетпегем, Ажарың көз алдымдан эч кетпес. Кол сунуп элесиңе мен жетпес, Жылмайсаң көзүң сүзүп сүйкүм жарашат, Күлкүң, күлгөнүң… Кайырма: Издеп табылбайт, Күлкүң жаңылбайт. Өчпөс кумарым, Чиркин, жазылбайт. Бийкеч чүрөктүн, Дарты жүрөктүн. Издеп табылгыс, Тамчы мүрөксүң. Үмүтүм үзбөй күтөмүн сени, жарыгым, Ачылат качан мага каткан сырларың? Саамайым сылап турган жел менен, Сезимге жалын курам сен менен. Өткөрсөм күндөрүмдү жалгыз сен менен, Күндү, түнүмдү…