Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Каректериң менин жүрөгүмдө,
Өчпөс болуп сакталат.
Кайрылбаган, аттиң, калды күндөр,
Эңсеп жүрөк суктанат.
Келчи кучагыма, жыргалым,
Бирге күткөн,
Сезим кумарына чөмүлсөм,
Сүйүп өткөн…
Кайырма:
Сен кубанычым,
Аттиң, эми арман болдуң.
Сен сагынычым,
Жазган түйшүк,
Жалган болдуң.
Жолдор бөлүп бизди эки башка,
Тагдыр ошол, түшүндүм.
Аттиң дедим, сүйүп жалгыз калдым,
Өксүп, эми өкүндүм.
Келчи кучагыма, жыргалым,
Бирге күткөн,
Сезим кумарына чөмүлсөм,
Сүйүп өткөн…

Другие песни исполнителя:

  • Ыссык-Көлүм мемиреген тунуктугуң тынчтыктын сыңарындай, Көргөн көздүн жоосун алган сулуулугуң кыздардын чырайындай. Сыймыгымсың сен Ыссык-Көлүм, Кылымдарга өчпөсүн көркүң. Ааламга даңазалап ырдаймын сени көлүм. Кайталангыс кереметиң арбагандай бүт сыйкыр дүйнөдөгү, Сыймыгысың кыргызымдын, түгөнбөсүн баалуулук көлүңдөгү.
  • Көздөрүңөн көрүп алдым сенин оюңду Сөзүң менен күлгөн отун сен менин жолуңду Бир көрүнүп билип алдың сүйүү аралын Дарысы сен чынын айтсам жүрөктө жарыгым Кайырма: Көздөрүмдү албай сени жандай арбалып барам Башкалардан кызганычтан алоолоп жанам Бир өзүңө айарладым арнадым баарын Бул өмүрдө жалгызым бол жароокер жаным Жылдыздардын арасынан жарыгы сенсиң Сени менен жазга айланды жүрөктөгү сезим Өзүң барда менде болбос жашоо арманым Эч бир жанга теңдей албай сүйүүмө айландың
  • Күтүүдөн күндөр жылбай, Кусадан санаам чыкпай. Кечиктиң, жол караймын, Керемет ыр ырдай. Кайырма: Жайдары басып эй, Жарыгың чачып эй, Жаркыным, жаныма сен келсең. Маанайым ачып эй, Махабат ташып эй, Маралым, сезимге дем берсең. Саамайың көзгө сүйкүм, Сагынып шыңгыр күлкүң. Самадым, күтүп сени, Сары оору болуп бүттүм.