Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгызым»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көздөрүңөн көрүп алдым сенин оюңду
Сөзүң менен күлгөн отун сен менин жолуңду
Бир көрүнүп билип алдың сүйүү аралын
Дарысы сен чынын айтсам жүрөктө жарыгым

Кайырма:

Көздөрүмдү албай сени жандай арбалып барам
Башкалардан кызганычтан алоолоп жанам
Бир өзүңө айарладым арнадым баарын
Бул өмүрдө жалгызым бол жароокер жаным

Жылдыздардын арасынан жарыгы сенсиң
Сени менен жазга айланды жүрөктөгү сезим
Өзүң барда менде болбос жашоо арманым
Эч бир жанга теңдей албай сүйүүмө айландың

Другие песни исполнителя:

  • Жалындап жанган сезимдер өчпөс болду Ажарың көз алдымдан не кетпей койду Аралап сан жылдыздарды келемин таппай Адаштырып кеттиң беле жашырып жолду Кайырма: Талыкпай канат кагамын, Сени издеп айлуу түндүн койнунан Талпынып сага шашамын Сагынып сага барчу жолду улай Алыстан жаным өзүңдөн каламынбы, Айласыз арман отунда жанамынбы. Жалгыздык арнап жаныма кеттиң беле Жан эркем алсыз жүрөгүм аябадыңбы.
  • Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай, Жалгандарды курамын сени мен аяй. Жалгыздык аралында калсам мейли мен, Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден. Акылдан адашкандай издейм жолумду, Аргасыз сен башкага бердиң колуңду. Ойлорум туңгуюкка камады мени, Алыстап бизден кетти арзуу кемеси. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
  • Таарынбай келчи, Сүйүктүүм менин Күтөмүн сени, Эскерем сенин кылыгың ай Назданып жүрөсүң ай, Кыйнаба мени, Сырлуу түн кечки Кара көз селки, Эстедим сени, сүйүктүүм ай Жалгызым жаркыным ай. Кайырма: Убара кылбай мени Сезчи жүрөктөгү арманымды. Жүрөгүм сыздап, кыйнап Кайра, сени эстеп жамалыңды. Айрылгым келбейт сенден, Сага, гүлүм терип барамын, Таарынсаң мага, Кайра жаным көңүлүңдү аламын. Арбалчы мага, айтаарым сага, Сүйүүмдү сындап, Жанымда жүрчү ардагым ай, Жанашып жаркыным ай. Бир келет сүйүү, Кайрылбайт артка, Тартынбай кайра, Жанаша жандап талпыналы Жаштык кез сүйүү балы.
  • Кечинде жөнөймүн садага, Колумда дайыма гитара. Бүгүн да айтамын серенада, Жолугам ай, Гули мен сага. Кайырма: Ботокөз Гули, Гули, Гули, Бой салат апапакай Гули. Кече эле жолугуп кетсем да, Сагындым го жакшынакайым. Дайыма боло берсин сүйүү кечи, Эх, Гули күндө мени күтө берчи. Кеч кирсе сагынычтан келе берем, Түбөлүк жүрөктө жашай берчи.
  • Күтүүдөн күндөр жылбай, Кусадан санаам чыкпай. Кечиктиң, жол караймын, Керемет ыр ырдай. Кайырма: Жайдары басып эй, Жарыгың чачып эй, Жаркыным, жаныма сен келсең. Маанайым ачып эй, Махабат ташып эй, Маралым, сезимге дем берсең. Саамайың көзгө сүйкүм, Сагынып шыңгыр күлкүң. Самадым, күтүп сени, Сары оору болуп бүттүм.