Казахские песни Узбекские песни

Песня «Гули гули»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кечинде жөнөймүн садага,
Колумда дайыма гитара.
Бүгүн да айтамын серенада,
Жолугам ай, Гули мен сага.
Кайырма:
Ботокөз Гули, Гули, Гули,
Бой салат апапакай Гули.
Кече эле жолугуп кетсем да,
Сагындым го жакшынакайым.
Дайыма боло берсин сүйүү кечи,
Эх, Гули күндө мени күтө берчи.
Кеч кирсе сагынычтан келе берем,
Түбөлүк жүрөктө жашай берчи.

Другие песни исполнителя:

  • Назданып басып, тоготпой бой саласың, Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың. Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар, Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал. Кайырма: Ичтеги сезимди жашырбай айтайын, Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын. Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү, Сага арнайын. Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү, Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү? Кымбатым болуп жашайсың кыялымда, Кылчайып келчи, айланып жыргалыма.
  • Ашыгамын, бактымды издеп келем, Ачыламын, сүйгөнүм аңсап келем. Ашык болдум, кыялда жылдыз болуп мен сага келем, Кубанамын, кучагымды жайып. Махабаттан тапкан бактыма. Кайырма: Аңсаган махабатым сен болдуң, Эркимди байлап алдың. Толгондум түш көрүп, түн уйкумдан, Мен сендеп ойгондум. Кубанамын, жан дүйнөм жайнап турат, Махабатым, сезимге жайды кучак айырбагын. Жараткан жакынымдан суранам сенден, Бирге болом, өткөзүп сезимдердин бийик чыныгы. Кайырма:
  • Ак-куудай боюң буралып, Ак халат кийсең буралып. Ак денең сенин мөлтүрөйт, Айпери сымал нурданып. Кайырма: Жана-жана-жанарым, ай, Сагындым жүрөгүм, оо. Ак балыктай чубалып, Ак көйнөк кийсең буралып. Ак бетиң сенин мөлтүрөйт, Ак мөңгү сымал нурданып. Кайырма: Ак жолук турсаң салынып, Ай нуру сага агылып. Ак тамагың мөлтүрөйт, Ак бермет алсаң тагынып. Кайырма: