Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ансаган махабатым»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ашыгамын, бактымды издеп келем,
Ачыламын, сүйгөнүм аңсап келем.
Ашык болдум, кыялда жылдыз болуп мен сага келем,
Кубанамын, кучагымды жайып.
Махабаттан тапкан бактыма.
Кайырма:
Аңсаган махабатым сен болдуң,
Эркимди байлап алдың.
Толгондум түш көрүп, түн уйкумдан,
Мен сендеп ойгондум.
Кубанамын, жан дүйнөм жайнап турат,
Махабатым, сезимге жайды кучак айырбагын.
Жараткан жакынымдан суранам сенден,
Бирге болом, өткөзүп сезимдердин бийик чыныгы.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жетелеп канатыңа калкалап, Ээрчитип эне жолун аркалап. Эмизген аппак сүтүң да акталат, Ченебей сени мага бактымда. Чыйралып термеп мени бактың да, Бейишим, эне, таманың астында. Кайырма Талпынып өз колуңда баскамын, Турмуштун ушул жолуна. Термелип улуу сүтүң таткамын, Бешик астында. Уулум деп мээримиңди чачканың, Унутпайм узун жолду басканың, Бейишим бар таман астында. Алыста ак жоолугуң салынып, Балам деп баскан сайын кагылып. Мен жүрөм сенин жытыңды сагынып, Энеке, кечир болсо каталык. Эр жетип сезим менде аталык, Кайрылбайт эми аркага балалык.
  • Каректериң менин жүрөгүмдө, Өчпөс болуп сакталат. Кайрылбаган, аттиң, калды күндөр, Эңсеп жүрөк суктанат. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн… Кайырма: Сен кубанычым, Аттиң, эми арман болдуң. Сен сагынычым, Жазган түйшүк, Жалган болдуң. Жолдор бөлүп бизди эки башка, Тагдыр ошол, түшүндүм. Аттиң дедим, сүйүп жалгыз калдым, Өксүп, эми өкүндүм. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн…
  • Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Сенин барың өмүргө кубат берет, Сени эстесем көңүлгө кубанч келет. Турмушумду бөксөртпөй көктөп турчу, Сен жашоого көрк берген чынар терек. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.
  • Супер гезит бул – “Супер-Инфо”, Супер гезит менен алдыда бол. “Супер-Инфодон” гана табасың, «Супер» менен мезгилден калбайсың. Мезгил өтөт, заман өзгөрөт, Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк. Ошондо гана сен алдыда болосуң, Өз колуңда сен туура жолдосуң. Бизди танда, биз сени тандайбыз Бирге, чогуу биз артта калбайбыз. Талантың барбы, өргө чабар өнөр, Анда эмне турасың, биз менен бол. Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат, Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат. “Супер-Инфо” дайыма бол кабардар, Бизге кошул, мезгилден артта калба! Жымыңдаган жылдыздардай, Көктө жарыктардай. Эмгек менен ал талыкпай, Тартылат сыйкыры бардай. “Мезгилден артта калба!” деп Бакыт тилеп. “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп. Кайырма: “Супер-Инфо” элим менен, Жерим менен, эскирбеген. “Супер-Инфо” кылымдарга, Өчпөс болот эскирбеген. Жолун улай бирге болот, «Супер» артта калбайт. Эмгектенет, ал талыкпай, Адашпай жолун ал тандай. “Мезгилден артта калба!” деп, Бакыт тилеп. “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп.