Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коштошуум»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,
Жалгандарды курамын сени мен аяй.
Жалгыздык аралында калсам мейли мен,
Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер…
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Акылдан адашкандай издейм жолумду,
Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.
Ойлорум туңгуюкка камады мени,
Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер…
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Другие песни исполнителя:

  • Сагыныч сапарында, Санаанын катарында. Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда. Түндө ай мен да жалгыз, Түйшөлдүм жүрөм алсыз. Бактыма ким болду экен, Бал ширин сулуу ал кыз Ашыгып, шашылам, кабарын таппай. Бактыма ачылган, кубанычка батпай. Кайырма: Ай чырайыңды сүйүп келем, Назданасың жаным. Ай кучагында гүлүм берем, Ой кыялымды самап жүрөм Кызганамын жаным Мен сагынычта жашап жүрөм. Жомоктой эскирбеген, Жел окшойт жеткирбеген. Махабат сезимдери табышмак эч билбеген Мен ошол билбегеним, Бактымды издегеним, Сапарга чыктым алыс, Жаз менен бир келемин. Ашыгып, шашылам, кабарың таппай. Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
  • Күтүүдөн күндөр жылбай, Кусадан санаам чыкпай. Кечиктиң, жол караймын, Керемет ыр ырдай. Кайырма: Жайдары басып эй, Жарыгың чачып эй, Жаркыным, жаныма сен келсең. Маанайым ачып эй, Махабат ташып эй, Маралым, сезимге дем берсең. Саамайың көзгө сүйкүм, Сагынып шыңгыр күлкүң. Самадым, күтүп сени, Сары оору болуп бүттүм.
  • Мезгил байкатпай жайып кулачын, Ойноо кезден өткөн убагың. Турмуш жолуна бирге аттанган, Жакшы жардан болсун жубайың. Кайырма: Өмүрлөшүң өзүң тандаган, Кошкону болсун Кудайдын. Кайталангыс ушул өмүрдө, Бактылуу болсун, ылайым. Бири-бирини сүйүп табышкан, Жуп болушту бийкеч, боз улан. Бирге өстүрүп, бирге карытып, Узак өмүр берсин Жараткан.
  • Кыргызстаным менин, Ыйык жерим менин, Сага айтам салам, Теңдеши жок жерим. Ыйдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү. Кайырма: Ата Журтумду, мактаймын улутумду, Сүйүүм танбайм, аппак таңдай. Жымыңдап айдай, жылдыздай, Жаңырып жаңы кылымдай. Сүйөмүн бүтпөс өмүрүмдө, Кыргызым бар, өчпөс жылдыз ырындай. Сезим өчпөс болсун, Ыйманыбыз болсун. Элибизге кетпес ырыскыбыз толсун. Ырдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү.