Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жубайлар»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мезгил байкатпай жайып кулачын,
Ойноо кезден өткөн убагың.
Турмуш жолуна бирге аттанган,
Жакшы жардан болсун жубайың.
Кайырма:
Өмүрлөшүң өзүң тандаган,
Кошкону болсун Кудайдын.
Кайталангыс ушул өмүрдө,
Бактылуу болсун, ылайым.
Бири-бирини сүйүп табышкан,
Жуп болушту бийкеч, боз улан.
Бирге өстүрүп, бирге карытып,
Узак өмүр берсин Жараткан.

Другие песни исполнителя:

  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
  • Жамгыр төксө ай жүзүңө арбалып, Жүрөм сени ал жамгырдан кызганып. Көк асманда чырайыңа көз артып, Ак булуттар сызып жүрөт суктанып. Кайырма: Сенсиң менин бул жашоодо белегим, Бирге болчу, жалгыз өзүң тилегим. Жүрөгүмдү сен аячы, Азапка эч салбачы. Өмүрүмдү жаным сага арнаймын, Сени сүйгөн жүрөгүмдү аяймын. Бакыт тилеп Жараткандан дайыма, Өзүң менен бир болууну самаймын.
  • Күтүүдөн күндөр жылбай, Кусадан санаам чыкпай. Кечиктиң, жол караймын, Керемет ыр ырдай. Кайырма: Жайдары басып эй, Жарыгың чачып эй, Жаркыным, жаныма сен келсең. Маанайым ачып эй, Махабат ташып эй, Маралым, сезимге дем берсең. Саамайың көзгө сүйкүм, Сагынып шыңгыр күлкүң. Самадым, күтүп сени, Сары оору болуп бүттүм.