Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгыздык»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалындап жанган сезимдер өчпөс болду
Ажарың көз алдымдан не кетпей койду
Аралап сан жылдыздарды келемин таппай
Адаштырып кеттиң беле жашырып жолду
Кайырма:
Талыкпай канат кагамын,
Сени издеп айлуу түндүн койнунан
Талпынып сага шашамын
Сагынып сага барчу жолду улай
Алыстан жаным өзүңдөн каламынбы,
Айласыз арман отунда жанамынбы.
Жалгыздык арнап жаныма кеттиң беле
Жан эркем алсыз жүрөгүм аябадыңбы.

Другие песни исполнителя:

  • Биз көптөн жаңылдык, Ыйманга батпай, Сыйга да жакпай. Бир өмүргө арзыдык, Бейиштен айрылып, Келебиз кайгырып. Кайырма: Аллах, жардамың бер, Пендеңе кубат бер, Жамандан алып кет. Аллах, сураарым сенден, Элиме тынчтык бер, Жамандык жеткирбей. Жараткандан жардам сурайм, Жүрөгүм ыйманга толсун деп. Тынчтык орноп бүт элиме, Алаамат күндөн сакта деп. Биз жашайбыз өкүнбөй, Жамгырдай жаш төкпөй. Жамандык өзгөрбөй. Бир шайтандын кемеси, Калыбын өзгөртпөй, Жарыкты көргөзбөй.
  • Канатың тарап кечинде, Уяңа конгон кезиңде. Уурданып барып, ак кушум, 2 жолу Уяңдан күтөм кечинде. Койкоюп тосуп төшүңдү, Коюнуңа чакыр өзүмдү. Кор кылбай башка бирөөгө, 2 жолу Колдоп кой менин сөзүмдү. Толкутуп сүйүү деңизин, Куюндай буздуң тегизин. Толкунум согуп турууга, 2 жолу Аска-зоо болчу, эгизим. Эби жок согуп жүрөгүм, Эзилип күндө жүдөдүм. Эстеген сайын өзүңдү, 2 жолу Эсимден танып жүрөмүн.
  • Жалгызсырап, сенсиз кыйналдым, Сур булуттай сыздап, ыйладым. Кайрылбай кеттиңби, алыстап жанымдан. Айрылтып эздиңби, жыргалымды алып кеттиңби? Кайырма: Таарындым тагдырга, Өзүңдөн айрылганда. Көңүлдү соолутуп, Ак сүйүүмдү айланткан арманга. Жалдыраган көздөрүң калды, Сооротчудай сөздөрүң барбы? Жалгызым сездиңби буулукканымды, Же жылдыз аралап учкун сымал учуп кеттиңби?