Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аллах»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Биз көптөн жаңылдык,
Ыйманга батпай,
Сыйга да жакпай.
Бир өмүргө арзыдык,
Бейиштен айрылып,
Келебиз кайгырып.
Кайырма:
Аллах, жардамың бер,
Пендеңе кубат бер,
Жамандан алып кет.
Аллах, сураарым сенден,
Элиме тынчтык бер,
Жамандык жеткирбей.
Жараткандан жардам сурайм,
Жүрөгүм ыйманга толсун деп.
Тынчтык орноп бүт элиме,
Алаамат күндөн сакта деп.
Биз жашайбыз өкүнбөй,
Жамгырдай жаш төкпөй.
Жамандык өзгөрбөй.
Бир шайтандын кемеси,
Калыбын өзгөртпөй,
Жарыкты көргөзбөй.

Другие песни исполнителя:

  • Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн, Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн. Бирок дүйнө кезип издеп келсем да, Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм. Кайырма: Кайра-кайра карап тойбогон, Карагаттай көзүң ойногон. Карегиңе сенин байланып, Карлыгачым күндө ойлоном. Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң. Кылыктарың мени арбаса, Кантип жаным сени сүйбөйүн. Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң, Гүлдөй назик жансың жаным берметим. Башка жанга сени ыраа көрө албай, Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
  • Канча күн өттү кайрылып келбей, Билбей оюңду. Калбай артыңдан, кадам таштадым, Үзбөй жолумду. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып. Кайырма: Кеттиң кайда? Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Балким, кечиктиң, Маңдайга жазган тагдыр түшүнгүн. Арзуу махабат, жетпедим сүйүүгө, Сенсиз өкүндүм. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып.
  • Сенин көзүң өзгөчө, окшобогон өзгөгө, Топ элдердин ичинен тартат дайым өзүнө. Тиктей калса карегиң сезимдерим серпилет, Токтоп саамга дүнүйө калуучудай сезилет. Кайырма: Жүрөктүн кылын чертип жай гана, Жүрөсүң кылыктанып наздана. Көзүнө окшобогон башканын, Көздөрүң сенин башкача. Сенин көзүң башкача, окшобогон башкага, Керемети байкалат ак сүйүүнүн тап-таза. Карагаттай көзүңдү карагандан аянам, Дүйнөдөгү сулуулук көздөрүңдөн тараган.