Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сенин козун башкача»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сенин көзүң өзгөчө, окшобогон өзгөгө,
Топ элдердин ичинен тартат дайым өзүнө.
Тиктей калса карегиң сезимдерим серпилет,
Токтоп саамга дүнүйө калуучудай сезилет.
Кайырма:
Жүрөктүн кылын чертип жай гана,
Жүрөсүң кылыктанып наздана.
Көзүнө окшобогон башканын,
Көздөрүң сенин башкача.
Сенин көзүң башкача, окшобогон башкага,
Керемети байкалат ак сүйүүнүн тап-таза.
Карагаттай көзүңдү карагандан аянам,
Дүйнөдөгү сулуулук көздөрүңдөн тараган.

Другие песни исполнителя:

  • Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн, Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн. Бирок дүйнө кезип издеп келсем да, Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм. Кайырма: Кайра-кайра карап тойбогон, Карагаттай көзүң ойногон. Карегиңе сенин байланып, Карлыгачым күндө ойлоном. Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң. Кылыктарың мени арбаса, Кантип жаным сени сүйбөйүн. Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң, Гүлдөй назик жансың жаным берметим. Башка жанга сени ыраа көрө албай, Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кетким келип турат бул азаптардан, Күчүм жетпейт мен учууга талпынсам. Айласыздан жүрөк жипсиз байланган, Күттүрбөчү, келчи, куткар кайгыдан. Кайырма: Жүрөк толо арман, кайгыга салган, Жүзүң бир көрсөм арылам азаптан. Мени аяп кой, сен жанымда бол, Жүрөгүмдөсүң, кетсең да тоготпой. Кучагыма кыссам болом армансыз, Болбосунчу биздин арабыз алыс. Жалгыздыкта санаа тартып жашаймын, Сен арначы, айтчы, сүйүү ырларын… Кайырма: Эркеси, ээси жүрөктүн, Өзүңсүз канча күн өттү, Ээледиң, эзип жүрөктү Жүрөктү…