Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу арманы»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгызсырап, сенсиз кыйналдым,
Сур булуттай сыздап, ыйладым.
Кайрылбай кеттиңби, алыстап жанымдан.
Айрылтып эздиңби, жыргалымды алып кеттиңби?
Кайырма:
Таарындым тагдырга,
Өзүңдөн айрылганда.
Көңүлдү соолутуп,
Ак сүйүүмдү айланткан арманга.
Жалдыраган көздөрүң калды,
Сооротчудай сөздөрүң барбы?
Жалгызым сездиңби буулукканымды,
Же жылдыз аралап учкун сымал учуп кеттиңби?

Другие песни исполнителя:

  • Байланам шок кыздардын, Көздөн учкан сыйкыр нуру. Мен балкыган жанга дары, Алтын жибек, мончок шуру. На, на, ней, Ал жомоктогу перидей. Сезилет жылмайганы, Сезим өрттөп тамшандырат. Көрсөң көзүң тойбос болуп, Көксөп адам арман кылат. На, на, ней, Ал бийкечтер оттой болот, Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй. Кайырма: Байланам көздөрүнө анын, Жалындаган жазым, жаным ай. Жан дүйнөмдө жашайт жалындай, Ай, ай, ай… Байланам көздөрүнө анын, Жымыңдаган жазым, жаным ай. Жыргалымдын аткан таңындай, Ай, ай, ай.. Тамшанам тал чыбыктай, Ичке бели, көздөрү күйүп. Алтын күлкү, шыңгыр добуш, Ашык болуп келем сүйүп. На, на, най, Ал жомоктогу перидей. Сырларын сактап келет, Айтылбаган жомок болуп. Учкун учуп күлсө нуру, Көз уялат күндөй болуп. На, на, ней, Ал бийкечтер оттой болот, Кол тийгизбес чоктой болуп жанат эй.
  • Туюлган арзуулардай, Алгачкы махабатым, А бирок азыр армандай. Куюндап учкан чаңдай, Кайрылбай бара жатат, Сүйүгөнүм менин алыстай. Кайырма: Дирилдеп жүрөгүм эзилгенсийт, Эгизин жоготуп, жалгыз калгандай. Махабат мүрөгүм соолуп баратат, Менин… Буулугуп учкан куштай, Армандан сыздап кеттим, Айта албай, ичимен ыйлай. ким үчүн тагдыр кыйнайт, Айрылтып жүрөктөрдү? Бирине-бирин буюрбай.
  • Сагындым сени, жаным, ардагым, «Сагынбаймын» деп өзүмдү алдаймын. Сагынып канча көргүм келсе да, Сага билгизбей санаа тартамын. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым. Сен дагы мени сагындың бекен? Же мен жөнүндө унуттуң беле? Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү, Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым.
  • Алыс калган менде махабатым, Алсыраган жүрөк сыздаганы. Унут мени эми, куса болбой, Элес болуп калган жылмайганың. Кайырма: Жалбарып сага айткан сөздөрүм, Сагынып өткөргөн түндөрүм. Маралым, кайрылбайм арманга, Кыйнабаймын, унут мени! Ардагым, мен сага таарынбаймын, Күтсөң деле мени, сагынбаймын. Муңга толгон жүрөк кыйналганбы, Кайрылбаган сүйүү артта калды.
  • Күндө эле, күндө эле, Күндө эле сага барамын, Сүйөөрүмдү көздөрүмдөн байкагын, Махабаттын ачылбаган гүлдөрүн Жалгыз, жаным, сага келет арнагым. Кайырма: Жаным, айдайым, Сенсиң ардагым, Менин айдайым. Ай беле, күн беле, Нур беле, сүйкүм жамалың? Балдай ширин сөздөрүңө арбалдым, Суусатты го жанды назик күлгөнүң, Келчи, жаным, мага сүйүүм арнайын.