Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир озуно»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сагындым сени, жаным, ардагым,
«Сагынбаймын» деп өзүмдү алдаймын.
Сагынып канча көргүм келсе да,
Сага билгизбей санаа тартамын.
Кайырма:
«Сүйөмүн» деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.
Сен дагы мени сагындың бекен?
Же мен жөнүндө унуттуң беле?
Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү,
Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм.
Кайырма:
«Сүйөмүн» деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.

Другие песни исполнителя:

  • Канча күн өттү кайрылып келбей, Билбей оюңду. Калбай артыңдан, кадам таштадым, Үзбөй жолумду. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып. Кайырма: Кеттиң кайда? Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Балким, кечиктиң, Маңдайга жазган тагдыр түшүнгүн. Арзуу махабат, жетпедим сүйүүгө, Сенсиз өкүндүм. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып.
  • Өзүмчө күтөмүн күн санап, Башкага жар болом десең да. Бактылуу бологой, адашпа, Сендейди барктай алса… Кайырма: Жарыктык көрүнбөй көзүмө, Суранам үмүтүмдү үзбө Өчүрбө, жалынды өчүрбө Сүйүүмдө эмне күнөө? Эсимде, ээрчигем артыңдан, Жүзүңдү көрөм деп жылмайган. Тиктешсе башкалар суктанып, Ал көздөрдөн кызгангам. Кайырма: Жарыктык көрүнбөй көзүмө, Суранам үмүтүмдү үзбө Өчүрбө, жалынды өчүрбө Сүйүүмдө эмне күнөө? Сыртыңдан сүйдүм мен канча жыл, Айтуудан коркконмун катып сыр Билгенмин башкага кетериң, Катылган арзуум менин.
  • Бакытымдын гүлүн сундум, Бажырайган кызыл гүлүм, Асманыма жакын турган түнөгүм. Жолуң карап сени күттүм мен, Жолуга албай күйүп бүттүм мен, Жомогумда жашаган чүрөгүм. Колуң кармап сенин жүрсөм дейм, Өмур жолун бирге сүрсөм дейм, Жыргалымсың, ай. Балдай ширин татсам деймин, Бакытымды тапсам деймин, Жалжалымсың, ай. Кайырма: Таңдай тазарам сага, Мен булактай таза, Сезимим сага таза. Таңдай жарыгым сага, Мен булактай таза, Жан дүйнөм сага таза. Бак ичинен күткөн гүлүм, Бакытыма жанган күнүм, Өмүрүмө өбөк болгон тирегим. Бал дүйнөмө толуп баткам, Башым ийип сени тапкам, Түбөлүккө кабылган ашыгым. Колуң кармап сенин жүрсөм дейм, Өмур жолун бирге сүрсөм дейм, Жыргалымсың, ай. Балдай ширин татсам деймин, Бакытымды тапсам деймин, Жалжалымсың, ай.
  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.