Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуумдо эмне куно»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өзүмчө күтөмүн күн санап,
Башкага жар болом десең да.
Бактылуу бологой, адашпа,
Сендейди барктай алса…
Кайырма:
Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?
Эсимде, ээрчигем артыңдан,
Жүзүңдү көрөм деп жылмайган.
Тиктешсе башкалар суктанып,
Ал көздөрдөн кызгангам.
Кайырма:
Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?
Сыртыңдан сүйдүм мен канча жыл,
Айтуудан коркконмун катып сыр
Билгенмин башкага кетериң,
Катылган арзуум менин.

Другие песни исполнителя:

  • Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң, Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк. Жашоонун даамын бирге, татып күндө жаным, Бүт өмүр, бирге болуп, жашайлычы дайым. Кайырма: Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз, Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү Эркеси жүрөктүн болуп өзүң, Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп. Турмуштун жолу татаал билем аны жаным, Экөөбүз жеңип бирге жашайлычы дайым.
  • Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын, Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы. Эркелетип, карегиңе толбосом да, Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын. Кечир эми жалыныпмын таңым, багым, Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын. Эркелетип эриниңден өппөсөм да, Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын. Кайырма: Амансыңбы, сүйгөнүм? Ачуу жашым, күйгөнүм. Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн. Мейли сүйбө менчелик, Түшүнөрсүң кез келип, Бирге өткөн күндөрдү эскерип. Ичте калсын арманым да , махабатым, Издерибиз өткөн эми санаалашым. Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү Ыраазымын бир өзүмү жазаласын. Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен, Бактысыздык далай сени эзди билем. Акым дагы калбагандай сагынууга, Айыбымды тан алганым кечтигинен.
  • Сага деген махабатымды арнадым мен, Жүрөгүмдө сага айта албаган сезимимди. Анан мага ачып ажарыңды, элесиңди, Арбаласың сен, жаным. Өзүң менин тагдырлашым, тапканым сен, Өзгөлөргө жана башкаларга ачылбаган. Жалаң мага чачып жалыныңды, илебиңди, Күн нурундай сен, жаным. Кучагымда сен, гүлзарым, багым, Жүрөгүмдөсүң ар дайым. Кайырма: Жүзүндө жылдыз бар, Жүрөктө чогу бар. Ал сулуу – Аймончок, Тилинде балы бар. Күлкүсүн уксам дейм, Гүлүмдү сунсам дейм. Асманда ай болуп, Ашыгып күтсөм дейм. Сагынычты сага бөлүп, карааныңды издеп, Жаным, сени көрүп, гүл жытыңды искеп. Сагынамын сени, гүлүм, эстеп, Махабатка тойбоймун. Өмүрүмдү өзүң менен өткөрсөмбү бирге, Өкүнүчтө калсам эгер арманым ал менде. Тагдырыма мендик болуп жазса, Бакытым деп ойлоймун. Жүрөгүмдөсүң, махабатым да, Сезимимдесиң жаным, бактым ай.
  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.