Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге
жашайлычы дайым.

Другие песни исполнителя:

  • Күндө эле, күндө эле, Күндө эле сага барамын, Сүйөөрүмдү көздөрүмдөн байкагын, Махабаттын ачылбаган гүлдөрүн Жалгыз, жаным, сага келет арнагым. Кайырма: Жаным, айдайым, Сенсиң ардагым, Менин айдайым. Ай беле, күн беле, Нур беле, сүйкүм жамалың? Балдай ширин сөздөрүңө арбалдым, Суусатты го жанды назик күлгөнүң, Келчи, жаным, мага сүйүүм арнайын.
  • Көргөндө көзүм кадалат, Көйкөлүп чачы таралат. Назданат бийкеч, назданат го, Сүйүүм тамшанат. Керилип басканы сулуу Жайкалат го, жүрөк тамшанат. Кайырма: Садагам Лейли, сагынтат мени, Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли. Тумарым Лейли, кумарым Лейли, Кабылдым сага, каралдым Лейли. Сагынамын Лейли, Лейли. Жомоктой мага сезилет, Жүрөгүм ысып эзилет. Керилет бийкеч, керилет го, Жүрөк эргитет, От болуп күйүп эритет го, Жүрөк эргитет. Кайырма: Садагам Лейли, сагынтат мени, Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли. Тумарым Лейли, кумарым Лейли, Кабылдым сага, каралдым Лейли. Чырагымсың Лейли, Лейли.
  • Сагыныч сапарында, Санаанын катарында. Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда. Түндө ай мен да жалгыз, Түйшөлдүм жүрөм алсыз. Бактыма ким болду экен, Бал ширин сулуу ал кыз Ашыгып, шашылам, кабарын таппай. Бактыма ачылган, кубанычка батпай. Кайырма: Ай чырайыңды сүйүп келем, Назданасың жаным. Ай кучагында гүлүм берем, Ой кыялымды самап жүрөм Кызганамын жаным Мен сагынычта жашап жүрөм. Жомоктой эскирбеген, Жел окшойт жеткирбеген. Махабат сезимдери табышмак эч билбеген Мен ошол билбегеним, Бактымды издегеним, Сапарга чыктым алыс, Жаз менен бир келемин. Ашыгып, шашылам, кабарың таппай. Бактыма ачылган, кубанычка батпай.