Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакытымдын гүлүн сундум,
Бажырайган кызыл гүлүм,
Асманыма жакын турган түнөгүм.
Жолуң карап сени күттүм мен,
Жолуга албай күйүп бүттүм мен,
Жомогумда жашаган чүрөгүм.
Колуң кармап сенин жүрсөм дейм,
Өмур жолун бирге сүрсөм дейм,
Жыргалымсың, ай.
Балдай ширин татсам деймин,
Бакытымды тапсам деймин,
Жалжалымсың, ай.
Кайырма:
Таңдай тазарам сага,
Мен булактай таза,
Сезимим сага таза.
Таңдай жарыгым сага,
Мен булактай таза,
Жан дүйнөм сага таза.
Бак ичинен күткөн гүлүм,
Бакытыма жанган күнүм,
Өмүрүмө өбөк болгон тирегим.
Бал дүйнөмө толуп баткам,
Башым ийип сени тапкам,
Түбөлүккө кабылган ашыгым.
Колуң кармап сенин жүрсөм дейм,
Өмур жолун бирге сүрсөм дейм,
Жыргалымсың, ай.
Балдай ширин татсам деймин,
Бакытымды тапсам деймин,
Жалжалымсың, ай.

Другие песни исполнителя:

  • Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени ар дайым. Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле, Көргүм келип мен өзүңдү. Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет, Уксам дейм сенин сөзүңдү. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Элесиңе мен зар болуп. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өзүңсүз дүйнө тар болуп. Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым. Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим, Таба алсамчы бир айла. Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Өрт болуп сенсиз бул аалам. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өксүтпөй келчи, суранам! Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым.
  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, «Окуучулук өмүрүм» деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап турганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим, агайым, Кеч болсо да рахматым айтайын.
  • Убада берип, түбөлүккө ошол сүйүүң, Унутуп кетээр жалган сендик сезимди. Өзгөрүп барат, мага болгон махабатың, Өзгөгө мени, жүрөгүңдү бердиңби? Кайырма: Кое берип мени, унутууга сени Жардам берчи… Болсо эгер чеги, бул азаптын деги, Айла берчи… Убакыт кезип кусалыктын кучагына, Унутар сени, күндөрүм келээр жаным. Сагыныч бүтүп, көңүл эркиндик сезгенде, Бир өтүнүчүм, козгобо кайра баарын.