Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эх сулуу»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кыргызстаным менин, Ыйык жерим менин, Сага айтам салам, Теңдеши жок жерим. Ыйдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү. Кайырма: Ата Журтумду, мактаймын улутумду, Сүйүүм танбайм, аппак таңдай. Жымыңдап айдай, жылдыздай, Жаңырып жаңы кылымдай. Сүйөмүн бүтпөс өмүрүмдө, Кыргызым бар, өчпөс жылдыз ырындай. Сезим өчпөс болсун, Ыйманыбыз болсун. Элибизге кетпес ырыскыбыз толсун. Ырдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү.
  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
  • Жалындап жанган сезимдер өчпөс болду Ажарың көз алдымдан не кетпей койду Аралап сан жылдыздарды келемин таппай Адаштырып кеттиң беле жашырып жолду Кайырма: Талыкпай канат кагамын, Сени издеп айлуу түндүн койнунан Талпынып сага шашамын Сагынып сага барчу жолду улай Алыстан жаным өзүңдөн каламынбы, Айласыз арман отунда жанамынбы. Жалгыздык арнап жаныма кеттиң беле Жан эркем алсыз жүрөгүм аябадыңбы.
  • Туюлган арзуулардай, Алгачкы махабатым, А бирок азыр армандай. Куюндап учкан чаңдай, Кайрылбай бара жатат, Ак сүйүүм менден алыстай. Кайырма: Негедир жүрөгүм эзилгенсийт, Эгизин жоготуп, жалгыз калгандай. Махабат мүрөгүм соолуп баратат, Менин… Буулугуп учкан куштай, Армандан сыздап кеттим, Айта албай, ичимен ыйлай. Эмне үчүн тагдыр кыйнайт, Айрылтып жүрөктөрдү? Бирине-бирин буюрбай.