Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сендейди»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Мендик болуп жаралгандай, Махабатты таптым мен, ай. Арбаламын көзүм албай, Бассаң маралдай. Кыялдар учат сабалай, Карегиме толдуң айдай. Карай берем көзүм талбай, Менин жаным, ай. Кайырма: Жылдыздай жана бер, Бакытка жетелей. Эч кимге теңебейм, Эркем, берекем. Жанымда болчу дейм, Татына, таттуум сен. Издегем, издегем, Таптым периштем… Күнгө теңейм жамалыңды, Түбөлүккө болчу жарым. Бакыт даамын таталычы, Болсоң күн, айым. Сүйүү багын сага ачайын, Сүйүү гүлүн сунайын. Сүйүү жолунда басалы, Бирге биз дайым.
  • Жараткан эгем, суранам сенден, Жашасын менин досторум эсен. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, Досторум мага, түбөлүк керек. Кайырма: Тагдырга кейип, кайгырба досум, Кудайга шүгүр, келтиргин досум. Ата-энеңдин, батасын алып, Бактылуу болуп, жашагын досум Кайырма: Кудайым сени, колдосо экен, Жолуңду дайым, оңдосо экен. Кааларым сага, айтарым сага, Жашооңдо кайгы, болбосо экен. Кайырма: Кыйналган кезде, жардамын бергин, Достордун дайым, кадырын билгин. Жакшылык кундо, жадырап жайнап, Сыйлашып дайым жургуло деймин.
  • Ыссык-Көлүм мемиреген тунуктугуң тынчтыктын сыңарындай, Көргөн көздүн жоосун алган сулуулугуң кыздардын чырайындай. Сыймыгымсың сен Ыссык-Көлүм, Кылымдарга өчпөсүн көркүң. Ааламга даңазалап ырдаймын сени көлүм. Кайталангыс кереметиң арбагандай бүт сыйкыр дүйнөдөгү, Сыймыгысың кыргызымдын, түгөнбөсүн баалуулук көлүңдөгү.
  • Сага деген махабатымды арнадым мен, Жүрөгүмдө сага айта албаган сезимимди. Анан мага ачып ажарыңды, элесиңди, Арбаласың сен, жаным. Өзүң менин тагдырлашым, тапканым сен, Өзгөлөргө жана башкаларга ачылбаган. Жалаң мага чачып жалыныңды, илебиңди, Күн нурундай сен, жаным. Кучагымда сен, гүлзарым, багым, Жүрөгүмдөсүң ар дайым. Кайырма: Жүзүндө жылдыз бар, Жүрөктө чогу бар. Ал сулуу – Аймончок, Тилинде балы бар. Күлкүсүн уксам дейм, Гүлүмдү сунсам дейм. Асманда ай болуп, Ашыгып күтсөм дейм. Сагынычты сага бөлүп, карааныңды издеп, Жаным, сени көрүп, гүл жытыңды искеп. Сагынамын сени, гүлүм, эстеп, Махабатка тойбоймун. Өмүрүмдү өзүң менен өткөрсөмбү бирге, Өкүнүчтө калсам эгер арманым ал менде. Тагдырыма мендик болуп жазса, Бакытым деп ойлоймун. Жүрөгүмдөсүң, махабатым да, Сезимимдесиң жаным, бактым ай.