Казахские песни Узбекские песни

Песня «Периштем»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мендик болуп жаралгандай,
Махабатты таптым мен, ай.
Арбаламын көзүм албай,
Бассаң маралдай.
Кыялдар учат сабалай,
Карегиме толдуң айдай.
Карай берем көзүм талбай,
Менин жаным, ай.
Кайырма:
Жылдыздай жана бер,
Бакытка жетелей.
Эч кимге теңебейм,
Эркем, берекем.
Жанымда болчу дейм,
Татына, таттуум сен.
Издегем, издегем,
Таптым периштем…
Күнгө теңейм жамалыңды,
Түбөлүккө болчу жарым.
Бакыт даамын таталычы,
Болсоң күн, айым.
Сүйүү багын сага ачайын,
Сүйүү гүлүн сунайын.
Сүйүү жолунда басалы,
Бирге биз дайым.

Другие песни исполнителя:

  • Ак-куудай боюң буралып, Ак халат кийсең буралып. Ак денең сенин мөлтүрөйт, Айпери сымал нурданып. Кайырма: Жана-жана-жанарым, ай, Сагындым жүрөгүм, оо. Ак балыктай чубалып, Ак көйнөк кийсең буралып. Ак бетиң сенин мөлтүрөйт, Ак мөңгү сымал нурданып. Кайырма: Ак жолук турсаң салынып, Ай нуру сага агылып. Ак тамагың мөлтүрөйт, Ак бермет алсаң тагынып. Кайырма:
  • Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай, Жалгандарды курамын сени мен аяй. Жалгыздык аралында калсам мейли мен, Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден. Акылдан адашкандай издейм жолумду, Аргасыз сен башкага бердиң колуңду. Ойлорум туңгуюкка камады мени, Алыстап бизден кетти арзуу кемеси. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
  • Аппак сүтүн энекемдин мен, кантип актайм? Карбаластап берекемдин жытын таптайм. Балалыгымды, кубанычымды, Жүрөгүмдөгү сагынычымды, Энекебайым кайтарып берчи, суранычымды. Кайырма: Балалыгым айла барбы, Колум жеткис жайда калды. Аттиң артта балдай таттуу, Кайталангыс күнүм калды. Канат жайып турмуш жолунда, зымырап барам, Өкүнүчтө балалыгымдын эшигин жабам. Аластап салган, алтын энемдин, Алдейи жаткан арча бешигим. Терметип келем, термелип келем, жашоо бешигин. Кайырма: Аластап салган, алтын энемдин, Алдейи жаткан арча бешигим. Элестеп келем, термелип келем, жашоо бешигин.