Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коштошуу»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,
Жалгандарды курамын сени мен аяй.
Жалгыздык аралында калсам мейли мен,
Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.
Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер…
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
Акылдан адашкандай издейм жолумду,
Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.
Ойлорум туңгуюкка камады мени,
Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.
Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер…
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Другие песни исполнителя:

  • Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн, Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн. Бирок дүйнө кезип издеп келсем да, Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм. Кайырма: Кайра-кайра карап тойбогон, Карагаттай көзүң ойногон. Карегиңе сенин байланып, Карлыгачым күндө ойлоном. Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң. Кылыктарың мени арбаса, Кантип жаным сени сүйбөйүн. Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң, Гүлдөй назик жансың жаным берметим. Башка жанга сени ыраа көрө албай, Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
  • Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай, Жалгандарды курамын сени мен аяй. Жалгыздык аралында калсам мейли мен, Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден. Акылдан адашкандай издейм жолумду, Аргасыз сен башкага бердиң колуңду. Ойлорум туңгуюкка камады мени, Алыстап бизден кетти арзуу кемеси. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Жаратканым берип, Жаңы жылым келип. Жыл айланып жыл жаңырып, Кубанычка бөлөп, сыйкыр күчү жөлөп, Өмүр күчү шаңга бөлөп. Кайырма: Жаш балатыны айланып бийлеп, Жаңыралы Жаңы жылда. Жаңы жылым келсин, жакшы жылым, Бизге Аяз ата берсин батасын. Жаңы жыл да келип, Жакшы тилек менен. Оюн-күлкү, ырлар менен, Аяз ата келип, ак батасын берип, Аяз кызы ырдап берет.
  • Сенин көзүң өзгөчө, окшобогон өзгөгө, Топ элдердин ичинен тартат дайым өзүнө. Тиктей калса карегиң сезимдерим серпилет, Токтоп саамга дүнүйө калуучудай сезилет. Кайырма: Жүрөктүн кылын чертип жай гана, Жүрөсүң кылыктанып наздана. Көзүнө окшобогон башканын, Көздөрүң сенин башкача. Сенин көзүң башкача, окшобогон башкага, Керемети байкалат ак сүйүүнүн тап-таза. Карагаттай көзүңдү карагандан аянам, Дүйнөдөгү сулуулук көздөрүңдөн тараган.
  • Кубулуп, нурга бөлөнүп, Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп. Түгөнбөс сүйүү кайгысын, Түбүнө алган чөгөрүп. Көл үстү муңдуу шыбырап, Айткандай сырды туюлат. Арманда ыйлап бараткан, Ак Мөөрдүн үнү угулат. Канаты кандан кайрылган, Кан кусуп, катуу кайгырган… Элеси келет Болоттун, Ак Мөөрдөн анда айрылган. Өксүгөн өмүр кез келип, Өткөндү бүгүн эскерип. Сүрөтүн сактап сулуунун, Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.