Казахские песни Узбекские песни

Песня «Окуучулук кайыгым»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
«Окуучулук өмүрүм» деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.
Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.
Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.

Другие песни исполнителя:

  • Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң, Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк. Жашоонун даамын бирге, татып күндө жаным, Бүт өмүр, бирге болуп, жашайлычы дайым. Кайырма: Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз, Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү Эркеси жүрөктүн болуп өзүң, Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп. Турмуштун жолу татаал билем аны жаным, Экөөбүз жеңип бирге жашайлычы дайым.
  • Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды. Ыйлабайын.
  • Асылым менин, жүрөкө сактап келген, Жыргалым менин, сырыңды айтар белең. Сүйүүмдү коштоп, колуңду берчи мага, Жүрөктүн демин экргитип жүрөт белең сен. Ардактап жүрөт белем мен, Кайырма: Жылмайып койчу мага. Сүйүү гүл сунам сага, Сүйөрүм айтар элем мен. Жамалың сенин, жылдыздай жанат беле? Жылмайып күлсөң, жанаша жандайт элем. Кол сунуп бирге, бакытка жетер элек, Жалгызың сенин, түбөлүк болор элек. Мен, эргитип жүрөт белең сен. Кайырма: Эргитип жүрөт белең сен, Ардактап жүрөт блем мен.
  • Ал менин арманым, азапка салганым, Армандуу ыр ырдап өзүңө арнадым. Жашайт ал дүйнөмдө жашырбай айтайын, Жүрөгүм сүйөм дейт түбөлүк аны дайым. Адашкан жолдордо Сүйүүм бар бул жашоомдо. Жүрөгүм ыйласа, Батамын ойлорго. Жалганда тапканым Ашыгым, арманым. Алмашкыс жанымдан Ажырап калганмын. Кайырма: Сүйгөнүм сүйүүм менин, Сагынып жашаган кезим. Оттой жанган ал күндөрдү, Жалгыздыкта мен эстеймин. Сагыныч кыйнаса, сан жеткис кечтерде, Сүрөтүн караймын сакталган дептерде. Кусалык курчаса кайрылам эскере, «Кайтарчы сүйүүм» деп жалынайын кимге? Ал менин сүйгөнүм, Ардактап жүргөнүм. Азаптуу күндөрдө Алмашпайт жүрөгүм. Жалганда тапканым Ашыгым, арманым. Алмашкыс жанымдан Ажырап калганмын.