Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным айтчы»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Байланам шок кыздардын,
Көздөн учкан сыйкыр нуру.
Мен балкыган жанга дары,
Алтын жибек, мончок шуру.
На, на, ней,
Ал жомоктогу перидей.
Сезилет жылмайганы,
Сезим өрттөп тамшандырат.
Көрсөң көзүң тойбос болуп,
Көксөп адам арман кылат.
На, на, ней,
Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй.
Кайырма:
Байланам көздөрүнө анын,
Жалындаган жазым, жаным ай.
Жан дүйнөмдө жашайт жалындай,
Ай, ай, ай…
Байланам көздөрүнө анын,
Жымыңдаган жазым, жаным ай.
Жыргалымдын аткан таңындай,
Ай, ай, ай..
Тамшанам тал чыбыктай,
Ичке бели, көздөрү күйүп.
Алтын күлкү, шыңгыр добуш,
Ашык болуп келем сүйүп.
На, на, най,
Ал жомоктогу перидей.
Сырларын сактап келет,
Айтылбаган жомок болуп.
Учкун учуп күлсө нуру,
Көз уялат күндөй болуп.
На, на, ней,
Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат эй.

Другие песни исполнителя:

  • Сагындым сени, жаным, ардагым, «Сагынбаймын» деп өзүмдү алдаймын. Сагынып канча көргүм келсе да, Сага билгизбей санаа тартамын. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым. Сен дагы мени сагындың бекен? Же мен жөнүндө унуттуң беле? Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү, Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым.
  • Ээрчитип колдон жетелеп, Ойносоң гүл бакчада. Татынакайсың, эселек, Сезимдериң таптаза. Уялыңкы эркелеп, Талпынганың башкача. Кайырма: Менин карындашым, Сүйкүм ирмейт кашын. Дайым эркелетип, Сылап коём чачын анын. Үмүт чоң келечегиңден, Чоңоюп, бойго жетсең. Тилегиң берсин Кудайым, Керегисиң кыргыздын. Ата-энең көрсүн убайың, Жерде жанган жылдызым.