Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карындашым»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ээрчитип колдон жетелеп,
Ойносоң гүл бакчада.
Татынакайсың, эселек,
Сезимдериң таптаза.
Уялыңкы эркелеп,
Талпынганың башкача.
Кайырма:
Менин карындашым,
Сүйкүм ирмейт кашын.
Дайым эркелетип,
Сылап коём чачын анын.
Үмүт чоң келечегиңден,
Чоңоюп, бойго жетсең.
Тилегиң берсин Кудайым,
Керегисиң кыргыздын.
Ата-энең көрсүн убайың,
Жерде жанган жылдызым.

Другие песни исполнителя:

  • Кыргызстаным менин, Ыйык жерим менин, Сага айтам салам, Теңдеши жок жерим. Ыйдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү. Кайырма: Ата Журтумду, мактаймын улутумду, Сүйүүм танбайм, аппак таңдай. Жымыңдап айдай, жылдыздай, Жаңырып жаңы кылымдай. Сүйөмүн бүтпөс өмүрүмдө, Кыргызым бар, өчпөс жылдыз ырындай. Сезим өчпөс болсун, Ыйманыбыз болсун. Элибизге кетпес ырыскыбыз толсун. Ырдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү.
  • Таарынбай келчи, Сүйүктүүм менин Күтөмүн сени, Эскерем сенин кылыгың ай Назданып жүрөсүң ай, Кыйнаба мени, Сырлуу түн кечки Кара көз селки, Эстедим сени, сүйүктүүм ай Жалгызым жаркыным ай. Кайырма: Убара кылбай мени Сезчи жүрөктөгү арманымды. Жүрөгүм сыздап, кыйнап Кайра, сени эстеп жамалыңды. Айрылгым келбейт сенден, Сага, гүлүм терип барамын, Таарынсаң мага, Кайра жаным көңүлүңдү аламын. Арбалчы мага, айтаарым сага, Сүйүүмдү сындап, Жанымда жүрчү ардагым ай, Жанашып жаркыным ай. Бир келет сүйүү, Кайрылбайт артка, Тартынбай кайра, Жанаша жандап талпыналы Жаштык кез сүйүү балы.
  • Сагындым сени, жаным, ардагым, «Сагынбаймын» деп өзүмдү алдаймын. Сагынып канча көргүм келсе да, Сага билгизбей санаа тартамын. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым. Сен дагы мени сагындың бекен? Же мен жөнүндө унуттуң беле? Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү, Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм. Кайырма: «Сүйөмүн» деп айта албадым, Же артыңдан мен бара албадым. Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да, Бир өзүңө мен кайта албадым.
  • Много разных красавиц встречал, Черно оких и с длинной косой. Но, такую, как ты не видал, Покарен я твоею красой. Очарован тобою навсегда, Оо, моя Жамиля. Не забуду тебя никогда, Оо, моя Жамиля, Жамиля, Жамиля, оо, моя Жамиля. Кайырма: Жамиля, Жамиля, только моя, Жамиля, Жамиля, любимая. Жамиля, Жамиля, только моя, Жамиля, Жамиля, любимая. Птицы песни поют про тебя, Солнце светит с небес для тебя. Для тебя расцветают сады, Для тебя поспевают плоды. Когда солнце за горы уйдет, Когда выйдет луна. Пусть к нам счастье свиданием придет, Оо, моя Жамиля, Жамиля, Жамиля, оо, моя Жамиля.