Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унут эми»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алыс калган менде махабатым,
Алсыраган жүрөк сыздаганы.
Унут мени эми, куса болбой,
Элес болуп калган жылмайганың.
Кайырма:
Жалбарып сага айткан сөздөрүм,
Сагынып өткөргөн түндөрүм.
Маралым, кайрылбайм арманга,
Кыйнабаймын, унут мени!
Ардагым, мен сага таарынбаймын,
Күтсөң деле мени, сагынбаймын.
Муңга толгон жүрөк кыйналганбы,
Кайрылбаган сүйүү артта калды.

Другие песни исполнителя:

  • Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени ар дайым. Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле, Көргүм келип мен өзүңдү. Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет, Уксам дейм сенин сөзүңдү. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Элесиңе мен зар болуп. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өзүңсүз дүйнө тар болуп. Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым. Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим, Таба алсамчы бир айла. Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Өрт болуп сенсиз бул аалам. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өксүтпөй келчи, суранам! Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым.
  • Айдайым, асылым, махабатым менин, Калгандай ортодо өчүп ыйык сезим. Таарынбачы тагдырыңа, Түшүнөмүн сенин арманыңа. Кайгырбачы жазыгыңа, Жолугарсың өз бактыңа. Кайырма: Асылым, ай, алмашкыс асман, айым, ай, Аткан таңым, ай, ай чырайым, ай. Сагынарым, ай, кол жеткис асман, жылдызым, ай, Жашап келесиң сезимимде. Жанымдай жактыргам жалжалым жалгыз сени, Айрылбай жүрсөк деп үмүт күткөн сени. Таарынбачы тагдырыңа, Түшүнөмүн сенин арманыңа. Кайгырбачы жазыгыңа, Жолугарсың өз бактыңа.