Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кандай бакыт»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Гүлүм сунуп сени тандагам, Жүрөгүмдү сага байлагам. Эмне болду, такыр түшүнбөйм, Жаңылдымбы тапкан бактымдан? Кайырма: Ыраазымын сени көргөн бактыма, Айтчы, жаным, неден жаздык тагдырга? Түз баратып, эки жолго адаштык, Кайгырба, мага таарынба! Талкаланды ташка үмүтүм, Муздай болуп, какшап жүрөмүн. Кусалыкка денем жанчылып, Ыйлагансып сыздайт жүрөгүм.
  • Сага деген махабатымды арнадым мен, Жүрөгүмдө сага айта албаган сезимимди. Анан мага ачып ажарыңды, элесиңди, Арбаласың сен, жаным. Өзүң менин тагдырлашым, тапканым сен, Өзгөлөргө жана башкаларга ачылбаган. Жалаң мага чачып жалыныңды, илебиңди, Күн нурундай сен, жаным. Кучагымда сен, гүлзарым, багым, Жүрөгүмдөсүң ар дайым. Кайырма: Жүзүндө жылдыз бар, Жүрөктө чогу бар. Ал сулуу – Аймончок, Тилинде балы бар. Күлкүсүн уксам дейм, Гүлүмдү сунсам дейм. Асманда ай болуп, Ашыгып күтсөм дейм. Сагынычты сага бөлүп, карааныңды издеп, Жаным, сени көрүп, гүл жытыңды искеп. Сагынамын сени, гүлүм, эстеп, Махабатка тойбоймун. Өмүрүмдү өзүң менен өткөрсөмбү бирге, Өкүнүчтө калсам эгер арманым ал менде. Тагдырыма мендик болуп жазса, Бакытым деп ойлоймун. Жүрөгүмдөсүң, махабатым да, Сезимимдесиң жаным, бактым ай.
  • Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды
  • Санаадан арыламын, садагам көрсөм сени, Жүзүңө тойбой келет, жүрөгүм көптөн бери. Ачылып жаз гүлүндөй, айтпачы өткөндү эми, Бийикке калкып турам, бир жолу өпсөм сени. Кайырма: Сен, сезимдин барган, сересин кыйнабагын, Мен көтөрө албайм, жүрөктүн ыйлаганын, Бир себебин мага айтпастан таарынсаң да, Билемин мени кызганарың, жаным. Кагылып турсаң дагы, кантейин сүйүү экен, Карайлап көздөрүңө, кадалдым гүлүм бекем Кабарсыз кеткениңде кайгыдан түнүм нечен, Ишенип тыңда жаным, өзүңдү сүйөм десем.