Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тарынба»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Гүлүм сунуп сени тандагам,
Жүрөгүмдү сага байлагам.
Эмне болду, такыр түшүнбөйм,
Жаңылдымбы тапкан бактымдан?
Кайырма:
Ыраазымын сени көргөн бактыма,
Айтчы, жаным, неден жаздык тагдырга?
Түз баратып, эки жолго адаштык,
Кайгырба, мага таарынба!
Талкаланды ташка үмүтүм,
Муздай болуп, какшап жүрөмүн.
Кусалыкка денем жанчылып,
Ыйлагансып сыздайт жүрөгүм.

Другие песни исполнителя:

  • Акырын шилтеп кадамды, Бакытка бөлөп ааламды. Эркелеп мага чуркашса, Унутам баардык капамды. Балдарым менин байлыгым, Бакытыма тийген жарыгым. Чоңоё берсин, аман соо, Колдосун дайым, Кудайым. Кайырма: Асыл данегим, көңүл эрмегим Секет болоюн, балдарым Өмүр белегим, үмүт, тилегим Силер үчүн, жашаймын. Медерим болчу балдарым, Мекенге тийсин жардамың. Атанын уулу дегизген, Ардактуу атка жарагың. Эр жигит болуп чоңоюп, Керектүү ишке жарагың. Акталса эгер үмүтүм, Болбостур, менин арманым.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кетким келип турат бул азаптардан, Күчүм жетпейт мен учууга талпынсам. Айласыздан жүрөк жипсиз байланган, Күттүрбөчү, келчи, куткар кайгыдан. Кайырма: Жүрөк толо арман, кайгыга салган, Жүзүң бир көрсөм арылам азаптан. Мени аяп кой, сен жанымда бол, Жүрөгүмдөсүң, кетсең да тоготпой. Кучагыма кыссам болом армансыз, Болбосунчу биздин арабыз алыс. Жалгыздыкта санаа тартып жашаймын, Сен арначы, айтчы, сүйүү ырларын… Кайырма: Эркеси, ээси жүрөктүн, Өзүңсүз канча күн өттү, Ээледиң, эзип жүрөктү Жүрөктү…
  • Жалгызсырап, сенсиз кыйналдым, Сур булуттай сыздап, ыйладым. Кайрылбай кеттиңби, алыстап жанымдан. Айрылтып эздиңби, жыргалымды алып кеттиңби? Кайырма: Таарындым тагдырга, Өзүңдөн айрылганда. Көңүлдү соолутуп, Ак сүйүүмдү айланткан арманга. Жалдыраган көздөрүң калды, Сооротчудай сөздөрүң барбы? Жалгызым сездиңби буулукканымды, Же жылдыз аралап учкун сымал учуп кеттиңби?