Казахские песни Узбекские песни

Песня «Издеп табылгыз»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аярым ак жүзүңдөн,
Мен сүйүп эңсегем.
Ак булутка окшоп учуп сага жетпегем,
Ажарың көз алдымдан эч кетпес.
Кол сунуп элесиңе мен жетпес,
Жылмайсаң көзүң сүзүп сүйкүм жарашат,
Күлкүң, күлгөнүң…
Кайырма:
Издеп табылбайт,
Күлкүң жаңылбайт.
Өчпөс кумарым,
Чиркин, жазылбайт.
Бийкеч чүрөктүн,
Дарты жүрөктүн.
Издеп табылгыс,
Тамчы мүрөксүң.
Үмүтүм үзбөй күтөмүн сени, жарыгым,
Ачылат качан мага каткан сырларың?
Саамайым сылап турган жел менен,
Сезимге жалын курам сен менен.
Өткөрсөм күндөрүмдү жалгыз сен менен,
Күндү, түнүмдү…

Другие песни исполнителя:

  • Апамдын жумшак ак колу, Алдейлеп уктаткан көп жолу. Кайрылбас күндөргө жетелеген, Апапак жоолугу. Мээримдүүм, берекем апакем, Каталык кетирсем кечирген. Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн, Эч качан ооруба сен. Кайырма: Апакем, алтыным, картайба, Кабатыр болуп сен кайгырба. Жашоомо жылуулук берерим, Бар болгун сен бактыма. Дайыма төрүмдө сый көрүп, Балаңа туура жол көрсөтүп. Небере-чебере жетелеп сен, Далайга жаша күлүп. Эркелеп дагы эле мен турам, Жүрөктөн чыккан ыр сунам. Алыстасам мени сагынарым, Жолумду карап улам.
  • Кусалыктан улам, Көргүм келип турам. Жан сүйгөнүм мага келчи? Сага көңүл бөлүп, Самайыңдан мен сүйүп, Ак сүйүүмдүсага арнайм. Кайырма: Ай-ааламдан сендей жанды издеп жүрүп, Жомоктон мен сени таптым. Бул жашоодо жалгыз, өзүңдү эңсеп жаным, Ак сүйүүнүн балын таттым. Аруу таңдай, тунуксуң ай, Ардагым ай. Сага атайын, барам жандап, Сүйүүм арнай. Жалгыздыктан улам, Кыйналгансып турам. Жан шеригим мага, келчи? Мага көңүл бөлүп, Ак сүйүүмдү сезип. Койсоң болду эркем менин
  • Айдайым, асылым, махабатым менин, Калгандай ортодо өчүп ыйык сезим. Таарынбачы тагдырыңа, Түшүнөмүн сенин арманыңа. Кайгырбачы жазыгыңа, Жолугарсың өз бактыңа. Кайырма: Асылым, ай, алмашкыс асман, айым, ай, Аткан таңым, ай, ай чырайым, ай. Сагынарым, ай, кол жеткис асман, жылдызым, ай, Жашап келесиң сезимимде. Жанымдай жактыргам жалжалым жалгыз сени, Айрылбай жүрсөк деп үмүт күткөн сени. Таарынбачы тагдырыңа, Түшүнөмүн сенин арманыңа. Кайгырбачы жазыгыңа, Жолугарсың өз бактыңа.