Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аруу тандай»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кусалыктан улам,
Көргүм келип турам.
Жан сүйгөнүм мага келчи?
Сага көңүл бөлүп,
Самайыңдан мен сүйүп,
Ак сүйүүмдүсага арнайм.
Кайырма:
Ай-ааламдан сендей жанды издеп жүрүп,
Жомоктон мен сени таптым.
Бул жашоодо жалгыз, өзүңдү эңсеп жаным,
Ак сүйүүнүн балын таттым.
Аруу таңдай, тунуксуң ай,
Ардагым ай.
Сага атайын, барам жандап,
Сүйүүм арнай.
Жалгыздыктан улам,
Кыйналгансып турам.
Жан шеригим мага, келчи?
Мага көңүл бөлүп,
Ак сүйүүмдү сезип.
Койсоң болду эркем менин

Другие песни исполнителя:

  • Көргөндө көзүм кадалат, Көйкөлүп чачы таралат. Назданат бийкеч, назданат го, Сүйүүм тамшанат. Керилип басканы сулуу Жайкалат го, жүрөк тамшанат. Кайырма: Садагам Лейли, сагынтат мени, Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли. Тумарым Лейли, кумарым Лейли, Кабылдым сага, каралдым Лейли. Сагынамын Лейли, Лейли. Жомоктой мага сезилет, Жүрөгүм ысып эзилет. Керилет бийкеч, керилет го, Жүрөк эргитет, От болуп күйүп эритет го, Жүрөк эргитет. Кайырма: Садагам Лейли, сагынтат мени, Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли. Тумарым Лейли, кумарым Лейли, Кабылдым сага, каралдым Лейли. Чырагымсың Лейли, Лейли.
  • Алыстабай карааныңдан, Айдай тунук жамалыңа суктана берем. Ак сүйүүмдүн барагына, Тагдыр сени белек кылып жазган беле. Ортобузда махабаттын, Алоолонуп оту жансын, бизге дайым. Алыстарга канат кагып, Таталычы сүйүү балын бирге жаным. Жараткандан суранарым, Айрыбасын суйүүбүздү, жаным эркем. Жалгызымсың жандай көргөн, Жыргалымсың жүрөк сүйгөн, жан берекем. Ортобузда махабаттын, Алоолонуп оту жансын, бизге дайым. Алыстарга канат кагып, Таталычы сүйүү балын бирге жаным
  • Сагынычтан жүрөк эзилип, Кыйнап сезимди, унута албадым. Күндөрүмдү санап күтөмүн, Издеп жүрөмүн, жолуга албадым, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып. Абалымды сезип, түшүнбөй, Эзип кыйнадың, сыздап туйладың, Алсырадым аябадың го, Салып арманга, чексиз жалганга, Бүтпөс өмүрдүн терип гүлдөрүн. Сени сүйөмүн, Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Кайырма: Сагынычка багынып, кыйналып, Калдым сызга малынып. Азаптарга кабылып, Муздак түндү жамынып.