Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чексиз бакыт»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Жаралып ай нурунан.
Жамалың тунук суудан,
Көргөн жан арзуу кылган.
Тандалып жылдыздардан,
Таң шооладай нур чачкан.
Тагдырым болдуң жазган.
Кайырма:
Сен ак сүйүүмдүн жарчысы,
Жүрөгүмө дем берген,
Шүдүрүмдүн тамчысы.
Эңседим издеп таптым,
Энчилеп сени бактым,
Эргүүнүн балын таттым.
Суусадым сугум арттым,
Сүйүүңө тойбой жаттым,
Сен болуп чексиз бактым

Другие песни исполнителя:

  • Капыстан кезиктим, билбеймин берилдим, Көзүм түштү бир кызга, Ак куудай керилип, бийлейт го берилип. Таңыркап баары карашып. Бийчи кыз карындаш, Бийлейли бери бас. Кайырма: Эй, карындаш, тартынбай чимирилчи, Кел, карындаш, жүрөккө чокту салчы. Оу, карындаш, сүйүүнүн отун жакчы, Уялбай бийле, кара каш. Кылчактап карайсың, ансайын самаймын, Чимирилип бийлейсиң. Көздөрүң нур чачып, жүзүңдөн от жанып, Турамын таштай катып. Бийчи кыз карындаш, Бийлейли бери бас.
  • Байланам шок кыздардын, Көздөн учкан сыйкыр нуру. Мен балкыган жанга дары, Алтын жибек, мончок шуру. На, на, ней, Ал жомоктогу перидей. Сезилет жылмайганы, Сезим өрттөп тамшандырат. Көрсөң көзүң тойбос болуп, Көксөп адам арман кылат. На, на, ней, Ал бийкечтер оттой болот, Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй. Кайырма: Байланам көздөрүнө анын, Жалындаган жазым, жаным ай. Жан дүйнөмдө жашайт жалындай, Ай, ай, ай… Байланам көздөрүнө анын, Жымыңдаган жазым, жаным ай. Жыргалымдын аткан таңындай, Ай, ай, ай.. Тамшанам тал чыбыктай, Ичке бели, көздөрү күйүп. Алтын күлкү, шыңгыр добуш, Ашык болуп келем сүйүп. На, на, най, Ал жомоктогу перидей. Сырларын сактап келет, Айтылбаган жомок болуп. Учкун учуп күлсө нуру, Көз уялат күндөй болуп. На, на, ней, Ал бийкечтер оттой болот, Кол тийгизбес чоктой болуп жанат эй.